Өзбекстан Кыргыз өлкөсү аркылуу Кытайга оор жүк ташуучу унаалардын биринчи колоннасын жөнөтүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган унаалардын жүк жеткирүү колоннасы Ташкент - Андижан - Ош - Эркечтам - Кашкар багыты боюнча транспорттук коридор аркылуу жүргүзүлмөкчү.
"Кыргыз, Кытай жана Өзбекстан жаңы транспорттук коридорун ачуу демилгесин өзбек эл башчысы Шавкат Мирзийоев 2017-жылдын май айында сунуштаган. Ал эми ошол эле жылдын октябрь айында Кыргыз, Кытай жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда алгачкы пилоттук каттам жүргүзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, аталган багыт боюнча оор жүк ташуучу унаалар 16 саат жолдо жүрүү менен жалпысынан 920 чакырымды 31 саатта өтүшкөн. Экспорт жана импорт продукциялары жүктөлгөн жүктү февраль айынын башында түзүлгөн "Silk Road International" биргелешкен ишканасы ташуу милдетин алган. Учурда мекеменин эсебинде 80 оор жүк ташуучу унаа болсо, жыл соңуна чейин саны 200гө көбөйүүсү пландандалууда.