Премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк банк менен өкмөттүн ортосундагы 2018-2023-жылдарга карата кызматташтык стратегиясын талкуулады. Исаков өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен иштин натыйжалуулугу маанилүү экендигин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, алдыда өлкө экономикасынын өнүгүүсүн камсыздоо үчүн колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарыл. Ал Кыргыз жери ар кыл тармакта чоң потенциалга ээ экендигин айтса, премьер-министр Сапар Исаков түзүмдүк өзгөртүүлөр зарылдыгына токтолду.
"Бүгүнкү күндө өлкө экономикасынын бир катар тармактарын, анын ичинде салык тутумун реформалоо жана мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү боюнча иштер башталды. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын долбоорлорун "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасы менен синхрондоштуруунун маанилүүлүгүн белгилегим келет", - деди Исаков.
Ошондой эле жакынкы беш жылга карата Дүйнөлүк банк менен кызматташуу боюнча тыкыр чараларды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү тапшырган.