Ала-Арчада аскадан кулаган эки альпинисттин бири табылып, ооруканага жеткирилди

Чүй облусунда жайгашкан Ала-Арча улуттук паркында 15-февралда аскадан кулап кеткен эки альпинисттин бирөө табылып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-февраль күнү Ала-Арча коругундагы Рацек хижинасынын жанындагы аскадан 2 альпинист, Литванын жарандары Сайкаускас Салиюс менен Кейскас Крупский Алис саякаттап жүрүп, кулап кеткен. Аларды издөө иштери 16-февралда башталган.

Башкы штабдан тартылган тик учактын жана министрликтин куткаруучуларынын жардамы менен Кейскас Крупский Алис оң бутунан жаракат алган абалда табылып, Бишкектеги менчик клиникага жаткырылды. Ал эми экинчи альпинисттин абалы боюнча маалымат жок. Аны издеп-куткаруу иштерине 9 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2018-02-17 17:09:08
тируу экен кудайга шугур экинчиси суука деле тонуп калдыго байкуш бутун сындырып алчу болсо
+8
raikakyz
2018-02-17 18:07:49
Экинчиси да тируу табылса экен ылайым.
+3
Baku88
2018-02-18 20:38:44
Ушуларда бир өздөрүн кыйнаган адамдар экен тоо таш кезишип жайды жай дебей кышты кыш дебей велосипед мн жолду жолдой жойлошот омурлорун тобокелге салып экинчиси да эсен аман табылып калсын эми суукта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан