Токтогулда сарай урап, кыркка жакын мал жандыкты басып калды

Токтогулда урап түшкөн сарай 35 баш майда жандыкты жана 1 баш ийри мүйүздүү малды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-февралда болжол менен саат 12:20да Токтогул шаарында мал багылуучу сарай ураган. Аталган шаардын Өзгөрүш көчөсүндөгү үйдүн короосунда жайгашкан мал сарайда 35 баш майда жандык жана 1 баш ийри мүйүздүү мал болгон. Урандыны тазалап, астында калган малды алып чыгуу үчүн жалпы 5 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adil706070
2018-02-17 20:09:07
Токтогул шаар эмес,район болуп аталат.Озгоруш кочосу эмес Озгоруш айылы,Жетиген деген айылдар бар
+1
maksatbekova
2018-02-17 21:32:08
Adil706070,Токтогул шаар статусун алган.
+1
ekastagram
2018-02-18 00:29:39
maksatbekova,сарай центрда куласа шаар болмок озгоруш айлында кулартып анда рагой
0
Kuba-savai87
2018-02-18 00:24:18
Дагы жакшы ичинде адам болбоптур кудай сактаптыр.баш аман болсо мал табылат.
Каментарийлерге " жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан