Кечээ, 22-февраль күнү Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатындагы батирден чыккан өрттөн качып терезеден секирип кеткен 14 жаштагы өспүрүм каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады. Анын айтымында, өспүрүмдү тирүү алып калуу үчүн дарыгерлер 2 саат аракет кылышкан.
"5-кабаттан кулап кеткен бала Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилип, 2 саат жандандыруу бөлүмүндө жатты. Дарыгерлер канчалык аракет кылбасын алган жаракаттарынан улам каза болуп калды", - деди Айгерчинова.
Белгилей кетсек, саат 15:20 чамаларында Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатындагы батирден өрт чыгып, андан 14 жаштагы өспүрүм жабыркаганы тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкан.