Денесинин 60 пайызы күйүп калган Аруукеге 2-операция жасалды

Денесинин 60 пайызы күйүп калган 3 жаш 7 айлык Аруукеге 20-февралда 2-операция жасалды. Бул тууралуу Аруукенин эжеси Гүлбарчын Карабаева билдирди.

"Аруукеге 20-февралда 2-операция жасалды. 1-операция 17-февралда болгон. Экөөнүн ортосу жакын болгонгобу, кыздын шайы кетип калды. Бутунун терисин алып жонуна чапташты. Кармаганга эч нерсеси жок, шылынып калды. Көргөндө жүрөк титирейт. Кийинки операция 27-февралда болору күтүлүүдө", - дейт Аруукенин эжеси.

Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Ленин айылында жашаган 3 жаш 7 айлык Аруукеге кайнак суу төгүлүп, денесинин 60 пайызы күйүп калган.

Борбордогу 4-клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылып, 17-февралда 1-операция жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
dinikyz
2018-02-24 17:25:00
Ии аябай эле коп куйгонго байкуш кыз кантип чыдап аттын экен.
+5
dinikyz
2018-02-24 17:25:54
Кудайым шыпаасын берип эртерек айыгып кетсин.
+4
Marjan92
2018-02-24 17:34:09
кудайым шыпаа бере кор,ар бир бала бактылуу балалыктын доорун суруп жашаса экен ылайым. Эч бир ата енеге бала азабын тартыра корбочу.
+7
momun74
2018-02-24 20:40:22
Аллахым шыпаасын берсин куйгон жаман чон адам чыдабайт бала экен чыдап атат
+1
alyaiza
2018-02-24 20:45:33
Кудайым шыпасын берсин ылайым!
Жараткан куч кубат берип батыраак сакайым кет жожотай!
+2
Snejana
2018-02-24 22:12:22
Наристе оорубасынчы, ыйлабасынчы Аллахым колдосун, шыфаасын берсин. Ааминь.
+3
Melisysakov68
2018-02-24 23:25:06
Ээ аллахым эч Бир пенденин баласын оорута корбо.Наристеге кудайым озун шыпаа бере кор
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан