АКШда Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковду сот күнөөсү далилденбегендиктен абактан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына анын апасы, Кыргыздын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова билдирди.
"1-марттан 2-мартка караган түнү, АКШнын убактысы боюнча 1-мартта уулумдун ишин сот карады. Анын күнөөлөрү далилденбегендигине байланыштуу абакта кармалып турган жеринен бошотулсун деп чечим чыгарган. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менин улуу баламды "Чыңгыз Сыдыков да АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн, аталган ишке да тиешеси бар" деп жазып жатышпайбы. Ал маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени ал учурда Кыргыз мамлекетинде эле жүрөт. Бүгүн эртең менен ага УКМКга чакыруу келди, учурда жактоочу чакырып, ал жакка барууга даярданып жатат", - дейт Замира Сыдыкова.
Айта кетсек, буга чейин чет элдик басылмалар АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганын жазып чыгышкан. Кийин кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковдун апасы Замира Сыдыкова уулунун күнөөлүү эмес экенин айткан.