АКШда аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүнүн Америка Кошмо Штаттарындагы элчилигине 29 жаштагы Теңгиз Сыдыков аттуу Кыргыз жараны укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалганы тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Сыдыковго "Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн" деген айып коюлган. Кечээ, 1-мартта соттук отурум болуп, Теңгиз Сыдыковду үй камагына чыгаруу чечими чыгарылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин чет элдик басылмалар АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганын жазып чыгышкан. Кийин кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковдун апасы Замира Сыдыкова уулунун күнөөлүү эмес экенин айткан.