MegaCom: Интернет-роуминг менен дүйнө жүзүнө саякатта

MegaCom компаниясы роуминг кызматынан колдонууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтип келүүдө. Интернет-роуминг кызматынын ыңгайлуулугу эмнеде? Анын ыңгайлуулугу: мобилдик интернет менен кадимки режимде колдонууга, электрондук каттарды жөнөтүүгө, социалдык тармактарда баарлашууга жана иш сапарлар маалында видеочалууларды аткарууга боло тургандыгында.

Алдыңкы мобилдик оператордун абоненттери үчүн Antel (Уругвай) операторунун түйүнү да жеткиликтүү болуп калды. Уругвайга жайы-кышы дебей көп сандаган туристтер жол тартышат. Атлантика океанындагы бул экзотикалык өлкөнүн тропикалык кумжээктери жана эс алуу жайлары дүйнө жүзүнө белгилүү.

Кайсы жерде болсоңуз да, MegaCom роуминги аркылуу жакындарыңыз менен байланышып турсаңыз болот. Чет өлкөгө сапарга чыгуунун алдында Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылып, роумингди кошуп алыңыз. Роумингде маалымат жиберүү 3G/GPRS-роумингге каралган аракеттеги тарифтерге ылайык тарифтелет.

Тарифтер тууралуу толугураак маалымат менен megacom.kg сайтынын «Роуминг» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

MegaCom – чексиз баарлашуу!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан