Өгөй кызын 5 жыл зордуктаган атага 27-февралда Өзгөн райондук соту 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Бирок жабырлануучунун таежеси бул өкүмгө каршы экенин билдирип, облустук сотко кайрыла тургандыгын айткан. Ал эми кыздын энеси тергөө учурунда жолдошуна эч кандай доом жок деп билдиргени жаш кыздын укугунун тебеленүүсүнө алып келбейби? Эгерде облустук сотто апасынын сөзү арызга өтсө сот дагы да жеңилдетүү карайбы? Мындай учурда кыздын укугун ким коргошу керек деген суроолорго юрист Калыйнур Батыралиев жооп берди.
"Зордуктоо атасы же жашы жете элек баланы тарбиялоо милдети жүктөлгөн адам тарабынан жасалган болсо, анда ал 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексинин 13-беренесине ылайык, 10 жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратуу бул өзгөчө оор кылмыштар деп аталат. Андай кылмыш кылган жарандар 66-берене боюнча эч кандай жоопкерчиликтен бошотулбайт. Бул деген жазылган тосмо арыз кабыл алынбайт дегендик", - деп билдирет Батыралиев.
Ошондой эле бул окуяда апасы тарабынан жолдошуна карата доосу жок экендиги айтылып жатса, анда жашы жете элек кыздын укугун балдарды коргоо боюнча аймактык бөлүмдөрү милдеттүү түрдө коргошу керек.
Ал эми Балдар жөнүндөгү кодексинин 101-беренесинин 2-бөлүмүндө жашы жете элек баланын укугун коргобогон адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек экени жазылган. Башкача айтканда, 5 жыл кызынын кызыкчылыгын коргобогондугу үчүн эне жоопкерчиликке тартылышы керек деп кошумчалады
Эске салсак, өгөй ата кызын 5 жылдан бери зордуктап жүрүп ал атасынан төрөгөндөн кийин гана иш ачыкталган. Окуя боюнча 2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Күнөөлүүнүн жашы элүүдөн өткөндүктөн сот аны 20 жылга эмес, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок кыздын энеси жолдошу менен ажырашпастыгын, ага доосу жок экенин айтып чыккан. Ал эми жабырлануучу кыз таенесинин колунда болуп, төрөлгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган.