АКШнын президенти Дональд Трамп порноактриса Сторми Дэниэлсти соттон жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, порноактрисанын президент менен болгон мамилеси жалган экенин Трамптын маалымат катчысы билдирген.
"Сторми Дэниэлс менен Дональд Трамптын ортосундагы мамилеси - калп. Бул сотто далилденди. Кененирээк Трамптын жактоочусунан билсеңер болот", - деп билдирген катчы.
Айта кетсек, буга чейин 7-мартта Сторми Дэниэлс Трампты сотко бергенин айтып чыккан. Анда ал экөөнүн ортосунда болгон "мамилени" ачыктабоо үчүн түзүлгөн документтен улам келип чыкканы кабарланган. Мындай келишим 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоо кампаниялары жүрүп жаткан учурда түзүлгөн. Порноактриса бул келишимге Дональд Трамп өзү эмес, анын жактоочусу Майкл Коэн кол койгонун айтып, келишимди жараксыз деп табууну соттон талап кылган.