Бүгүн, 12-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Тогуз-Торонун тургундары “Макмал” алтын кенинин аймагына алтын ылгоочу “ДжиЭл Макмал девелопинг” комбинатынын курулушуна каршы. 10-мартта Казарманда митинг өтүп, жергиликтүүлөр курулуш ишин токтотууну талап кылышты. Алар акыркы жылдары аймакта оорулуу төрөлгөн ымыркайлардын саны 3-4 эсе өстү, элдин өмүрүнө зыяндуу иштерге жол берилбесин деп жатышат.
Казарманда бул талап 2 айдан бери айтылып жатат. Жергиликтүү кеӊештин депутаты Уланбек Шерипов айылдык кеӊештин "комбинат курулбасын" деген токтомуна карабай иш башталып кеткенин, кайсы документтерге ылайык курулуп жатканы белгисиз экенин айтат. Комбинатты курууга каршы тараптын өкүлдөрү президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиевге чейин кирип, Абылгазиев ишти тийиштүү органдар көзөмөлдөй турганын айткан. Жагдайды атайы түзүлгөн комиссия иликтеп чыкмакчы.
"ДжиЭл Макмал девелопинг" компаниясынын жетекчиси Максат Жээналиев митингге чыккандардын артында саясий күчтөр бар, алар жеке кызыкчылыкты көздөп, элди атайын козутуп жатат деген пикирде. 10-мартта митингге чыккандар менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Азис Сапаралиев баштаган жооптуу органдардын жетекчилери жолугуп кайтты. Анда чиновниктер “ДжиЭл Макмал девелопинг” компаниясы фабриканы ишке киргизгенге чейин экологиялык экспертизанын оӊ корутундусун алышы керектигин, комбинат бардык талаптарга жооп берген шартта гана ишке берилерин убадалашты. Учурда комбинаттын курулушу токтоп турат. Митингге чыккан жергиликтүү элдин чочулоосу, талаптары негиздүүбү же жокпу мекемелер аралык комиссия аныктап чыкмакчы.
“ДжиЭл Макмал девелопинг” - "Макмал" алтын комбинатынын калдык сактоочу жайындагы калдыкты кайра иштетүүчү компания. Компанияны кыргызстандык "Куранды девелопинг" компаниясы Ян Вэйхун аттуу кытайлык ишкер менен бирге түптөп, 2015-жылы мамлекеттик "Кыргызалтын" ишканасы менен келишим түзгөн. Комбинатты куруу иши 2017-жылы башталып, 2018-жылдын жай айларында бүтүрүү пландалууда.
Ушул жылы 2-февралында Кадамжайдын тургундары да митингге чыгып, "Шамбесай" алтын кенин жаап салууну талап кылышкан. Алар дагы кенди иштетүү экологияга кескин зыянын тийгизип, жергиликтүү элдин ден соолугуна коркунуч жаратып жатат дешкен. "Шамбесайды" иштеткен австралиялык “Зет-Эксплорер” компаниясы 2017-жылы ишин токтотуп, кенди 2020-жылга чейин иштетүү укугу кытайлык компанияга берилген. Бул кенди казуу долбоору да убагында экологиялык экспертизадан өткөнүнө карабай, жергиликтүү жашоочулар кен иштетүүдөн айлана-чөйрөгө зыян келтирилип жатканын айтып жатышат.
Кен иштетүү учурда өлкөнүн бюджетинин басымдуу бөлүгүн, ички дүӊ продукциянын 8 пайызын түзөт. Экономикалык кызыкчылыктар менен экологиялык кызыкчылык кагылышканда тандоо көпчүлүк учурда биринчиге ооп кетет. Деген менен кенден түшкөн пайданы жалпы өлкө, балким кайсы бир бийлиги барлардын бир ууч тобу көрөт. Ал эми кенден калган уу калдыктардын зыянын ошол аймакта өмүр бою жашай турган эл тартат.
Кен казууга элдин каршылыгы көбүнчөсү маалыматтын ачык-айкын эместигинен, маалыматтын жетишсиздигинен келип чыгат. Тилекке каршы мындай каршылык кайсы бир күчтөрдүн жеке кызыкчылыгына гана курал болуп колдонулуп калат. "Инвестордун жоопкерчилиги кандай болот? Лицензия мыйзамдуу берилдиби? Экологияга, жан-жаныбарга зыян тийгизбей иштешеби?" Элдин нааразычылыгы ушул өӊдүү суроолорго жооп таппагандан келип чыгат. Экологияга жооптуу органдар, эксперттик команда ачык-айкын изилдөө жасап, элге так, туура маалымат бербесе, жергиликтүү элге түз тиешеси бар маселелер жогору жактан гана чечилип, элдин пикири эске алынбаса, чыр улана берери анык. Адам өмүрү бардык инвестордун акчасынан кымбат. Ошол эле кезде экологиялык ураандардын артында саясий максаттар да турбашы керек...
Кытайда Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Кытайдын учурдагы лидери Си Цзиньпинге өлкөнү каалаган убакытка чейин башкарууга жол ачылды. Баш мыйзамдан "1 адам экиден көп жолу удаасынан президент болуп шайлана албайт" деген норма алынды. Бул өзгөртүүнү Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйыны бекитип, жаӊы тартипти 2958 депутат колдоого алган. 2 депутат каршы добуш берсе, үчөөсү добуш берген эмес. Кытайда президенттин бийлигин 10 жылдан ашырбоо (5 жылдан 2 мөөнөт) жобосу Дэн Сяопиндин тушунда, 1982-жылы кабыл алынган. Си Цзиньпин бийликке келгенге чейин Кытайдын эки лидери Цзян Цзэминь жана Ху Цзиньтао Конституциянын ушул жобосун сактап, эки мөөнөт башкарган соң бийликти өткөрүп беришкен. Цзиньпиндин 2-мөөнөтү 2023-жылы аяктайт, эми ал кайрадан өлкө жетекчилигине шайлана алат.
Президенттик бийликте бир өмүр отуруу Борбор Азия лидерлерине таандык көрүнүш. Эгемендүү Өзбекстанды Ислам Каримов өмүрүнүн аягына чейин башкарса, Казакстанды Нурсултан Назарбаев СССРден бөлүнүп чыккан 27 жылдан бери жетектөөдө. 2016-жылы Тажикстанда Конституцияга өзгөртүү киргизилип, учурдагы президент Эмомали Рахмонго өзү каалаган убакытка чейин президенттикке шайлануу укугу берилди. Түркмөнстандын Конституциясы да 1 адамдын каалаганча президенттикке шайлануусуна жол берет. Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү адатка айланган бул көрүнүш эми Кытайга да жетти. Булардан айырмаланып Кыргыз өлкөсү президенттик бийликти шайлоо аркылуу бир адамдан экинчи адамга мыйзамдуу өткөрүп берүү салтын жолго салды. 2 жолу революциялык, 2 жолу шайлоо жолу менен президент алмашты. Бул - Кыргыз өлкөсү коңшуларына салыштырмалуу жетишкен саналуу баалуулуктардын бири...
Балдардын кордук көрүүсү, өз өмүрүн кыюусу Бишкектин хроникасында дайыма кездешүүчү кабарларга айланып баратат. Бишкекте 8 жашар кыз катуу сабалып ооруканага түштү. Кабарды super.kg порталына окурмандар билдирип, шаардагы №3-оорукананын дарыгерлери маалыматты тастыктады. Кыз "Тез жардам" унаасы менен 10-мартта саат 01:20 чамасында ооруканага оор абалда алып келинген. Колу сынып, башынан жаракат алган кыздын денеси көк ала тактарга толо. Кыз атасы менен өгөй апасы сабаганын айтууда. Дагыгерлердин айтымында, кыздын денесиндеги көк ала тактар анын көптөн бери сабалып жүргөнүн билдирет.
Ата-энеси же туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылып кордолгон балдар тууралуу маалыматтар күн алыс жарыяланып жатат. Жакында Ош шаарында өгөй атасы тарабынан зордукталган кыз көз жарып, өгөй ата 15 жылга соттолду. Ал эми кыздын апасы болуп өткөн окуяга карабай күйөөсүнө дооматы жок экенин айтып жатканын, жабырлануучу кыздын таежеси айтып чыкты. Ушунун баары өлкөдө алдын алуу иши жетишсиздигин, балдар менен иштеген укук коргоо органдарына, тийиштүү министрликтерге жана социалдык кызматкерлерге ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасоону эскертүүдө. Ал эми үй-бүлөлөргө, балдарга кам көрүүгө жооптуу Социалдык өнүгүү министрлиги балдарды зомбулуктан кантип коргоону эмес, кадимки жакыр үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү маселесин чече албай убара...
Ата-энелердин балдарды эмдөөгө каршы болушу кылмыш катары каралышы керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси, балдар неврологу Нурмухамед Бабажанов айтып чыгып, баланын ден соолугуна эң алгач ата-эне жоопкер экенин эскертти. Дарыгер балдарды өз убагында эмдөөдөн өткөрүү зарыл дейт.
Расмий маалыматка таянсак, 2017-жылы Кыргыз жеринде 150 814 бала төрөлсө, анын 143 273ү эмдөөдөн өткөн. Былтыр 7905 ата-эне баласын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тартышкан. Булардын 68 пайызы диний көз караштан улам, 19,8 пайызы вакциналардын коопсуздугуна ишеним артпагандыктан, калганы түрдүү себептерден улам баш тарткандар. Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 11 жугуштуу ооруга каршы вакцина сайылат. 2018-жылы вакциналар үчүн бюджеттен 83 миллион сом бөлүнгөн. Адистер Кыргыз жерине алынып келинген вакциналар коопсуз экенин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын текшерүүсүнөн өткөн вакциналар сертификаттары менен ЮНИСЕФ тарабынан келерин айтышат.
Статистика көрсөтүп тургандай, баланы эмдетүүгө каршы ата-энелердин көбүнө диний көз караш себеп болууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинде балдарды ата-энелердин макулдугусуз эмдөөдөн өткөрүүгө укук жок. Өкмөт мындай учурда ата-энелерге кыйыр жол менен гана басым көрсөтө алат, мисалы баланы бала бакчага, мектепке алууда, каттоодо эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалым кагаздарын талап кылуу менен...