Өзгөндө тамакка ууланган 17 адамдын төртөөнүн абалы оор

Ош облусунун Өзгөн районунда тамактан ууланып ооруканага түшкөн 17 адамдын төртөөнүн абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координаторы Элмира Нарматова билдирди.

"Өзгөн райондук ооруканасына жалпысынан 17 адам тамактан ууланып түшкөн, алардын ичинен алтоо жаш балдар. Ууланган балдардын үчөө 7-8 жаштагы балдар, дагы экөө 10-12 жашта, бирөө 13 жашта.

Балдардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө жаткан экен, аларды Ош шаардык инфекциялык балдар ооруканасына алып келдик, дале эстерине келе элек. Дагы 2 баланы алып келгенбиз, алар басып жүрүшөт, абалы туруктуу. Калган 12 жаран Өзгөн райондук ооруканасында дарыланууда, абалдары орто.

Чоңдор боюнча, алардын биринин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө, калгандарынын абалы туруктуу. Уулангандар жакын туугандар болушкан, ашар болуп чогулушуп, ошол жерден жеген салаттан уланышкан", - деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, бүгүн, 13-мартта Өзгөн районунда 17 адам тамактан ууланып ооруканга түшкөнү, арасында балдар бар экени айтылган.


кошулду
Өзгөндө тамактан ууланган 17 адамдын ичинен жаш балдардын абалы оор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
portugalia
2018-03-14 12:05:02
Батулизм деп коёт беле,Банкадагы салатка уулганганды?
+1
Pandora
2018-03-15 02:31:59
portugalia,оа,ошентип койот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан