КҮНСЕРЕП: Исаковдун өкмөтү кезектеги ишенимсиз инвестордон баш тартты

Бүгүн, 14-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент Жөлөк пул жөнүндө жаӊы мыйзамдын долбоорун талкуулады. Вице-премьер Чолпон Султанбекова мыйзам долбоорунун максаты - жөлөк пулду чыныгы муктаждарга берүү дейт. Өкмөт менен Жогорку Кеңеш бир жылдан бери өлкөнүн жөлөк пул мыйзамын жөндөй албай жатат.

2017-жылы 21-июнда Жогорку Кеӊеш "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизген. Мыйзамдан "аз камсыздалган үй-бүлө" деген түшүнүк жоюлган. Өткөн жылы президенттик шайлоо алдынан кабыл алынган мыйзам боюнча 2018-жылдын 1-январынан тарта балдарга жөлөк пул үй-бүлөнүн 1 айлык кирешесине, жашоо-шартына жараша эмес, тегиз берилүүгө тийиш эле. Буга чейин колдонулуп келген мыйзамга ылайык, үй-бүлөнүн 1 айлык кирешеси үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлө келгенде 1 адамга 900 сомдон ашып кетсе, ал бүлөнүн балдарына жөлөк пул берилчү эмес. Ошондой эле үйдөгү 1 унаа, карылардын пенсиясы үй-бүлөнү жөлөк пул алуу укугунан ажыратчу. Ал эми 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жаӊы төрөлгөн ымыркайга бир жолу 4 миӊ сом сүйүнчү пул берилет. Акчаны жаңы төрөлгөн баласына жетиштүү шартта жашагандар да, кедейлер да ала алышат. 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан тарта 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга ай сайын 500 сомдон жөлөк пул берүү каралган эле. Бирок бул нормалар (сүйүнчү акчаны кошпогондо) 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирген жок. Өкмөт "мыйзам адилеттүү эмес, 30 миӊдей бала жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыкканы турат" деп мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеӊештен 1-апрелге чейин убакыт сурап алган эле.

Өкмөттүн бул өтүнүчүнө Жогорку Кеңеш макулдук берген. Бирок мыйзамдын иштебей калышына 30 миң бала эмес, жаңы мыйзам үчүн бюджетте жетиштүү каражаттын жоктугу себеп болуп жатканы талкууларда айтылган. Атүгүл депутаттардын арасында 2017-жылы кабыл алынган мыйзамды “шайлоо алдындагы популизм” атагандар да болгон.

2018-жылы Кыргыз жеринде жөлөк пул үчүн бюджеттен 1,8 миллиард сом каралган. Жаӊы cунушталып жаткан мыйзамга ылайык жөлөк пул алган балдардын саны 150 миӊге өсөт. Өкмөт буга кошумча акча жумшалбай турганын, бюджетте каралган акча жете турганын билдирди.

1-апрелге чейин убакыт сураган өкмөт жаӊы иштелип чыккан мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин кароосуна 3-мартта киргизген. 2017-жылкы мыйзамды өкмөт кантип өзгөрттү? Эӊ башкысы - жөлөк пул мурдагыдай эле үй-бүлөнүн 1 айлык кирешесине карап берилет. Мурда үй-бүлөдө 1 адамдын кирешеси 900 сомдон ашып кетсе жөлөк пул берилбей келсе, эми ал сумма бир аз өстүрүлүп, 1421 сомдон ашпаган шартта алууга мүмкүн. Муктаж үй-бүлөдөгү 1 жаштан 16 жашка чейинки балага ай сайын 810 сомдон берилет.

Эӊ башкы суроо - үй-бүлөлөрдү жөлөк пулга муктаж деп ким, кандай критерийлер менен аныктайт? Социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова айткандай, муктаждарды алгач айыл өкмөттө 7 адамдан түзүлгөн соцкомиссия аныктайт. Документтер райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына жиберилип, үй-бүлөнү муктаж же муктаж эмес деп ушул мекеме чечет. Бул комиссияга кимдер кирет, жоопкерчилиги кандай болот? Алар муктаждарды адилеттүү аныктайбы? Кыскасы, эски коррупциялык схема кайрадан стартта. Депутаттар жөлөк пулга муктаждарды аныктоо механизмин тактоо зарыл дешти. Депутат Иса Өмүркулов Жөлөк пул мыйзамы боюнча өкмөттүн мамилеси КСДПнын саясатына үндөшпөй турганын, жаӊы мыйзамда деле коррупциялык тобокелчиликтер жоюлбаганын айтты. "Муктаждарды аныктоо ишин айылдагы бир комиссияга жүктөй салуу туура эмес. Тийиштүү министрликтин 2 миӊ кызматкери бар, 2 жылдын ичинде өлкөдөгү ар бир үйдү кыдырып чыгууга жетишсеӊер болот эле", - деди Өмүркулов. Депутат Аида Касымалиева өкмөт 2009-жылкы эски мыйзамды мурдагыдан да начар формада сунуштап жатат деп сындады. Алтынбек Сулайманов балага сүйүнчү акча берүү жол-жобосу татаалдашып жатканын айтып: "Сүйүнчү акча алуу үчүн атайын банктык эсеп ачылышы керек деп жатасыӊар. Балага төрөлгөндө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет, мындан башка кандай документ керек силерге? Күбөлүктүн көчүрмөсүн алып калып, 4 миӊ сом сүйүнчү акчаны бергиле. Акчаны бергиӊер жок, ошондуктан ар кайсы документти талап кылып элди кыйнап жатасыӊар", - деди.

Жогорку Кеӊеште такай кездешчү көрүнүш - мыйзамды талкуулоодо каршылар көп, так жооп айтылбаган суроолор андан көп, бирок добуш берүүгө келгенде жапырт макул. Жөлөк пул мыйзамы да канчалык сындалбасын, аягында 102 депутаттын колдоосу менен 1-окуудан өттү...

2018-жылы 11-январда Кыргыз өкмөтү менен "Huawei" компаниясы 60 миллион долларлык келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, "Huawei" жакынкы 1,5 жылда Бишкек, Ош шаарларына жана Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата, Бишкек - "Манас" аэропорту трассаларына видеокөзөмөл системин орнотууга тийиш эле. 60 миллион долларды Кыргыз тарап инвесторго 5 жылдын ичинде төлөп бермек.

Бүгүн өкмөт аталган "Акылдуу шаар" долбоору боюнча келишимден чыкканы тууралуу маалымат таратылды. Бул аракетти Сапар Исаковдун командасы "инвестор тараптан келишимдеги мөөнөттөр сакталбады, долбоорго техника-экономикалык негиздеме сапатсыз даярдалган" деп түшүндүрдү. Кыскача айтканда, Кытайдын "Huawei" компаниясы 2 айдын ичинде өкмөттү ишинин сапатына ынандыра албады. "Huawei" компаниясы менен инвестициялык келишим ишенимсиз сапаттагы техникалык-экономикалык негиздеме жана дагы толтура мүчүлүштүктөр менен улана бериши мүмкүн болчу. Бирок Сапар Исаков баштаган өкмөт Бишкек ЖЭБин модернизациялоо окуясынын кайталанышына жол бергиси келбеген сыяктуу. Өкмөт "Акылдуу шаарды" өз күчүнө таянып ишке ашырууга бет алды.

Инвесторду дыкат тандоо керектигин Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу келишими көрсөткөн эле. 2012-жылы Кыргыз өкмөтү Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча орусиялык "Русгидро" компаниясы менен келишим түзүп, 2013-жылы иш башталган. 2016-жылы Кыргыз тарап инвестор келишим шарттарын аткарбай жатат деп келишимден чыгып кетти. Кыргыздын моюнунда курулушу башталбай жатып токтогон ГЭС, кереги тиери күмөн жараткан айрым курулуштар жана 37 миллион доллар карыз илинди.

2017-жылы 10-июлда өкмөт Камбар-Ата 1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу үчүн чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишим түзгөн. Ага ылайык, "Liglass" 2 айдын ичинде Кыргыздын "Русгидро" компаниясына 37 миллион доллар карызын төлөөгө тийиш эле. Бирок "Liglass" бул убакытта келишимде көрсөтүлгөн шартты аткарган жок. Тактап айтканда, 37 миллион доллар төлөгөн жок, ушул себептүү 2 айдан кийин келишим жокко чыгарылды.

Албетте, "Liglass", "Huawei" компаниялары менен келишимдин үзгүлтүккө учурашы, убада кылынган долбоорлордун кечеӊдеши Сапар Исаковдун оппоненттеринин чырагына май тамызды. Бул учурду пайдалануу менен алар Исаковду өкмөт башчылыктан оодарып түшүүгө аракет кылышары турган кеп.

Бирок ушул эле ишке ашпай калган келишимдерди экинчи тарабынан да карап көрүү зарыл. Инвестордун ишин тескебей, айтканына көнүү өлкөгө кандай баш оору алып келерин Бишкек ЖЭБин жаңылоо окуясы даана көрсөттү. Өкмөт башында турган 6 айда Исаков коррупцияга жол берген жок. "Liglass" өӊдүү шылуундарга мамлекеттин байлыгын тонотпой, убагында токтотуп калууда. Ар кандай жолдор аркылуу тендерден утуп алып, Кыргыздын байлыгын талап-тоногусу келгендерди ооздуктоодо. Болбосо, көнгөн адат боюнча айрым чиновниктердин жардамы менен тендерди жеӊип алган компаниялар өлкөнүн байлыгын жеп кете беришмек. Сапар Исаковдун өкмөтү бул кейиштүү тажрыйбалардын кайталанышына жол бербегени, тескерисинче өлкөгө пайдалуу болуп жүрбөсүн?..

Бишкек ЖЭБине коюлган 123 видеокамеранын 115и кадимки эле камералар. Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов ЖЭБде 386 миллион долларлык кредиттин эсебинен сатып алынган видеокамераларды сүрөткө тартып элге жарыялады. Жамангулов ЖЭБге документте жазылгандай 128 эмес, 123 камера коюлганын, анын 8 даанасы гана кымбат баадагы камера экенин жар салды. Кечээ "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы ЖЭБге ар бири 300 доллардан 128 камера сатып алынганын билдирген. ЖЭБди жаӊылоо боюнча өкмөт айткан маалыматтарды депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жалганга чыгарууда. Депутаттык комиссияга 13 депутат мүчө болсо, 8и коалициялык көпчүлүктөгү фракциялардын депутаты. Алардын бири Аида Касымалиева иликтөө аяктай электе Кытайлык ТВЕА компаниясы ЖЭБди жаӊылоого жумшаган акчаны тактоо мүмкүн эмес, анткени келишим ошондой түзүлүптүр деп билдирди.

Тактоого, көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес болгон келишимдерди түзүүгө жол берген, мындай инвесторлорду өлкөгө алып келгендер жооп беришеби бул окуя боюнча? ЖЭБди жаӊылоо келишимине жооптуу болгон мурдагы энергетика министри, учурда парламентте КСДПнын атынан депутат болуп отурган Осмонбек Артыкбаев ЖЭБ чуусунун айынан Кытай өлкөсүн таарынтып албоо керек дейт. 386 миллион доллар - Кыргыздын ар бир жараны төлөшү керек болгон мамлекеттик карыз. Андыктан бул "акчанын кандай жумшалганын тактоо мүмкүн эмес, Кытай тарап таарынат" деп басып кете турган окуя эмес. Депутаттык комиссия эрте багынып берүүгө шашылбашы керек...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан