УКМК токтоткон кылмыш иштерин президент карай турганы айтылды

УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы акыркы бир нече жылдын ичинде токтоткон жана кыскарткан кылмыш иштери Башкы прокуратурага жиберилет. Бул тууралуу 14-мартта "Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы отурумунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө" темадагы маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамирбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе президенттин көзөмөлүндө болот. "Бул иштер биздин катчылыкка келип, андан кийин 12-мартта президентке өткөрүп бердик. Ушул жылдын июль айына чейин иштердин иликтениши боюнча президентке маалымат беребиз", - деди Сагынбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mirlan27011987
2018-03-14 13:30:33
Президент кантип кылмышты тергемек эле. Президеннтин иши башка да. Ан учун кылмыштын куболорун, катышуучуларын, эксперттерди кайра сурака алыш керек. Аралды Соке сурака алмак беле.
-10
abdamit
2018-03-14 13:43:38
Mirlan27011987,президенттим көзөмөлүндө болот дейт, эптеп эле бир нерсени түшүнбөй коммент жазгандын кереги барбы?
+7
Bazake
2018-03-14 14:40:59
Mirlan27011987,Президент баарын караганга укуктуу. Ал жалпы эл тарабынан шайланган журт атасы. Сени менен менин, Конституциянын гаранты! Караганга укуктуу, текшерсин, ыплас иштерди жасагандарды тыксын турмого!
+1
nemo2016
2018-03-14 14:57:03
Бул сооронбай ака коррупцияны бабановтон баштайм деген бабанов кармалбай журот ошон учун башталбай токтоп турат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан