Бишкек шаардык Транспорт башкармалыгынын маалыматты боюнча баш калаадагы коомдук унаалардын айдоочулары атайын форма менен камсыздала баштайт.
"Маршруттук каттамдагы айдоочулар көк түстөгү ишкананын аталышы жана Бишкек мэриясынын белгиси түшүрүлгөн чыптама кийе баштайт. Аталган чыптаманы алгачкылардан болуп №100, 101, 147, 192 жана 193-каттамдагы унаалардын айдоочулары кийип чыгышат. Ал эми автобус-троллейбустардын айдоочуларына өзүнчө кийим каралууда", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми айдоочуларды форма менен камсыз кылуу милдети борбордогу транспорттук ишканаларга жүктөлдү. Ошондой эле айдоочулар көк түстүү чыптама менен классикалык үлгүдөгү кийим кийүүгө милдеттендирилди. Спорттук үлгүдөгү кийимдерге жана бут кийимдерди кийүүгө уруксат берилбейт.