КСДП мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу билдирүүсүн таратты.
Анда төмөнкүдөй текст жазылууда:
Парламенттеги кечээки талкуу – бул айрым саясатчылардын элди адаштыруу аракети жана ЖЭБдеги кырсыктын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети. Депутаттык комиссияны башынан баштап туура эмес багытка бурушту, бирок депутаттардын арасында тажрыйбалуу саясатчылар бар экенине ишенем.
Быйыл январда болгон өндүрүштүк кырсык үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков да жооп бериши керек деп эсептейм. Анткени 2017-2018-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдануу иши жүргүзүлгөн учурдагы бардык деңгээлдеги жетекчилер жооптуу.
Кышта кырсык учурунда мен билип туруп Сооронбай Шариповичти коргогом. Көбү ал учурда үн каткан эмес. Шаардыктар тоңуп жаткан, ал эми ЖЭБди кышка даярдагандар күнөөнү бири-бирине оодарып жатышкан. Менин өкмөтүм күзүндө келген, бирок кырсык үчүн саясий жоопкерчиликти өзүмө алгам.
Бирок бул кадамымды алсыздык катары кабыл алышканын көрүп турам. Депутаттар ушул ишти иликтөөгө киришкенден кийин Сооронбай Шариповичтин тушунда ЖЭБди оңдоого кеткен миллиондогон сомго эски жабдуулар эмнеге оңдолбогонун иликтеш керек болчу", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар алуу тууралуу келишим түзүлгөнү боюнча ишкананын ошол учурда башчыларынан тартып, "Улуттук энергетикалык холдинг" жана анын жетекчилери, министр, премьер-министр, ошол убактагы төрага, Жогорку Кеңештин үч комитетинин төрагалары жооп бериши керектигин, тактап айтканда, Андрей Воропаев, Айбек Калиевден баштап, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, экс-спикер Асылбек Жээнбеков жооп бериши керектигин айтты.
Айта кетсек, кечээ, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыгын жарыялаган.