Бишкек шаарындагы Нооруз майрамына карата даярдыктан фоторепортаж

Эртең, 21-мартта түрк элдери улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамын белгилешет. Азыркы учурда майрамга ар бир облуста даярдыктар жүрүп жаткан маалы.

Борбор калаада оюн-зоок программалардын негизги бөлүгү "Ала-Тоо" аянтында жана Эмен багындагы Курманжан датканын айкелинин жанында орун алат. Аталган жерлерде шаар тургундары жана коноктор үчүн дипломатиялык корпустун катышуусу менен кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Жергиликтүү эл 20га жакын улуттун ашканасынан даам татып, улуттук буюмдарды, ар кыл сувенирлерди сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. Андан сырткары дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жана чыгармачыл топтор концерт тартуулайт.
Ошондой эле Дайыр Асанов атындагы паркта улуттук тамактардын майрамдык көргөзмөсү болот.

"Ала-Тоо" аянтын жана негизги көчөлөрдү жасалгалоого, көрнөк-жарнактарды илүүгө жана бул иштерди аткарган жумушчуларга жергиликтүү бюджеттен жалпы 1 миллион 100 миң сом жумшалды", - дейт шаардык бийликтин маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев.

Азыркы тапта борбордук аянтты майрамдык салтанатка даярдоо иштери жүрүп көрнөк-жарнактар илинип, театрлаштырылган концерт үчүн сахна жана алты бакан селкинчек орнотулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2018-03-20 17:15:04
Жакшы даярдыктар жакшы экен. Баардык кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайбыз.
+1
Aruwka.89
2018-03-20 19:15:58
Туалети сонунго ыя
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан