Бишкек шаарында жылуулук берүүнү 22-мартта өчүрүү сунушталды. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдинг” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай сунушту Бишкек шаарынын мэриясына “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы сунуштаган.
“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын жыйыны болуп, анын жыйынтыгында Бишкек шаарындагы жылуулукту 22-мартта өчүрүү сунушу мэрияга жөнөтүлдү. Аны мэрия карап чыгып, качан өчүрүлө турганын аныктайт. Негизи шаар тургундарына берилип жаткан жылуулук Бишкекте абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан жогору болгон учурда өчүрүлөт”, - деп билдиришти “Улуттук энегетикалык холдинг” ишканасынан.