"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Көчөнүн ортосунда болгон уят иш" деген аталыштагы видео жүктөлгөн. Ал видео боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Окуя качан, каякта, кимдер тарабынан тартылгандыгын милиция кызматкерлери териштире баштады. Иш Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иликтенип жатат. Окуя өткөн жылы болгон деген божомолдор бар. Учурда так аныктала элек", - дейт басма сөз кызматы.
Эске салсак, окурман тарабынан "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Көчөнүн ортосунда болгон уят иш" деген аталышта видео жүктөлгөн. Видеодон көчөнүн ортосунда эркектин аял менен жыныстык катнашка баргандай кыймыл-аракетин көрүүгө болот. Аны унаада бара жаткан жүргүнчүлөр тартып алышкан. Видеодо жүргүнчүлөрдүн күлкүлөрү, "Ош базары" деп койбойсуңбу" деп сүйлөгөндөрү да угулат.