Бүгүн, 22-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
"Спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун". 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалчысы Канатбек Бегалиевдин ушул сөзү кечээги күндөн бери коомчулуктун кызуу талкуусунда. Өткөн жылдын аягында Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучулугун таштап, саясатка кадам таштап жатканын жарыялаган спортчу “трайбалист” атыгып, “Кыргыздын Талас облусунан башка аймактарынан спортчулар жеңиштерге жеткен эмеспи, башка облустарда намыс жок бекен?” деген талаштуу талкуулардын арасында калды.
Интернетке тараган видеодон 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча мелдеште жеңишке жеткен Таластын "Ынтымак" командасын Канатбек Бегалиев куттуктап жатканын көрүүгө болот. Анда ал: "Бул күн - тарыхта кала турган күн. Бүгүн кимдин ким экени билинди. Мен айтар элем, спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун", - деген.
“Түндүк-түштүктөн” баштап кокту-колотко, урууларга бөлүнүү адатта саясатта, көбүнесе шайлоо алдында жана добуш берүүдө күчөйт. Мыйзамдуу түрдө мындай бөлүнүүлөргө тыюу салынганына карабай кыргыз мындай илдеттен арыла албай келе жатат. Эл ичинде айтылганы башка кеп, бирок башы элге көрүнүп калган адамдардын көпчүлүктүн алдында айткан билдирүүсү бул такыр башка кеп. Алар калктын кайсы бир катмарынын, а балким, жумурай журттун пикирин түзүүчүлөр. Бул сыяктуу адамдар оозунан чыккан ар бир сөзүнө маани берип, чакырыктарында эки эсе жоопкерчиликтүү болушу шарт. Мындай кепти кайсы бир жөө жүргөндөн уялган депутат эмес, бүткүл кыргыз сыймыгыбыз деп билген балбандын айтканы коомчулукка жагымсыз болду.
Кетирген катасын түшүнгөн Канатбек Бегалиев эртеси эле, тагыраагы бүгүн кыргыз элинен кечирим сурады. Кыргыздын ар бир мырзасы намыскөй экенин, өлкөнүн ар бир аймагынан белгилүү жана намыска жараган спортчулар чыкканын айтты. Кечээги сөзүн кубанычтан улам эмоцияга алдырып жибергенине оодарып, туура эмес сүйлөп алганын да моюнга алды. Алдыда спортчуну өзү пландагандай саясий карьера күтүп турат. Анда эмоцияга алдырган учурлар мындан эселеп көп болот. Канатбек Бегалиев эгер чын эле саясатка жол алчу болсо, “Аккулада” айтылган бул сөзүн өлкөнүн ар бир аймагында анын эсине сала турган оппоненттер табылат.
Балбандын “эмоцияга алдырдым” дегени чындык. Нооруз майрамынын урматына уюштурулуп келе жаткан көк бөрү боюнча бул мелдеште Ош облусунун “Достук” командасы менен Талас облусунун “Ынтымак” командасы негизги атаандаштарга айланып, тиреш командалардын эле арасында эмес, күйөрмандардын арасында да жүрүп, футболдогу “Эль-Класикого” айланып бараткандай...
Тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Азия Кубогуна чыкты. Бүгүн Кыргыз курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасын 5:1 эсебинде утуп алды. Эске салсак, Кыргыз үчүн тарыхый мааниге ээ болуп калган бүгүнкү бул оюн былтыркы жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында өтмөк. Бирок анда ошол учурдагы Мьянмада орун алып жаткан мусулман-рохинджаларга байланыштуу кырдаал себеп болуп, Кыргыз бийлигинин чечими менен оюн токтотулган эле. Кийин бул беттеш Түштүк Кореяга жылдырылып, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы 2 курама команданын тең чыгымдарын төлөмөй болгон. Улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин буга чейин “Супер-Инфого” берген маегинде “башкы максат – Азия Кубогуна чыгуу” деп айткан. Аталган машыктыруучунун курамга 2014-жылы келгенинен бери көп ийгиликтер да кошо келди. Ал Кыргыз курамасын түзүүдө жана аны күчтүү футболчулар менен толуктоодо да жакшы эмгек кылды. Акыркы жылдарда курамга Виктор Майер, Виталий Люкс, Эдгар Бернхардт кошулду. Кыргыз курамасы ФИФАнын рейтингинде 200дөн ашык мамлекеттин арасынан 99-орунга чейин көтөрүлдү. "Орусия-2018" Дүйнөлүк чемпиондуктун тандап алуу оюндарында Азия континентинде сенсация жаратып, Азия чемпиону Австралия менен тең тайлаша ойносо, Иордания менен Тажикстанды жеңди. Албетте, бул жеңиштер Кыргыз өлкөсүн Орусияда өтүүчү мундиалга алып чыга албаганы менен курамга баалуу тажрыйба, стадион толо күйөрман жана рейтинг алып келди...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев “өлтүрүп эле коюшпаса, эч кимисинен коркпойм” деп чыкты. Эске салсак, ал буга чейин, 17-мартта Аксы окуясын эскерүү митингинде "үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербөө үчүн Жогорку Кеӊештин депутаты Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек" деп талап койгон эле. Буга депутат Жээнбеков 20-мартта КСДП фракциясынын чукул жыйынында депутаттык мандатты эл бергенин, эл гана тартып ала аларын айтып, Мискенбаевди провокатор атаган. Мискенбаев КСДПнын мүчөлөрү жана аталган фракциядагы депутаттар да аны колдобой, бир аптадан бери кысымдар болуп жатканын билдирди. Ал Асылбек Жээнбековдун агасы президент болуп шайланчу болсо, депутаттык мандатын тапшырарын КСДПнын төрагасынын орун басары жана президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штаб жетекчиси болуп турган Фарид Ниязовдон укканын айтты. Мискенбаевдин талабынан кийин КСДП фракциясы чукул жыйынга чогулганы, Ниязовдун ал жыйынга катышуусу да жөн жерден болбогон көрүнөт.
Мискенбаев менен Жээнбековдун кайым айтышуусу кантсе да КСДПнын ичинде топтордун тымызын тиреши жүрүп жатканын көрсөтүүдө. Бул тартышта Мискенбаев кайра эле “торпедо” ролду аткарып жатышы ыктымал. Эске салсак, буга чейин ал “куудулдар элди экиге бөлүп-жарууда, Апрель окуясынын курмандыктарын лөлүгө, баңгиге теңеген сатиралары үчүн аларды каматууга бүт аракетимди жумшайм” деп чыккан. Кийинчерээк куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов концерт өткөрүү үчүн имараттарды ижарага алууда жөндүү себеби жок тоскоолдуктарга туш болуп жатышканын айтышып, Тынар Курбаналиев бул көрүнүштү “рамкадан чыкпай калдык” деп дагы сатирага айланткан. Депутаттык кызматта 1 жылдай болуп, кийин мандатын тапшырган Мискенбаев соңку ирет “Мегакомдо” кеңешчи болуп иштээри, 80 миң сомдук айлык алары белгилүү болуп, улутташтырылган бул компанияга экс-депутат эмне кеңеш берип ошончо айлык алып жатат деген талкуулар жаралган...