Жаз, жамгыр, жаандан кийинки жыт жана Бишкектин четиндеги конуштардын өкүнүчтүү абалы. SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан конуштардагы жолдордун абалын назарыңызга салат. Бул конуштардын тургундары жумушка, окууга жана башка жактарга баруу үчүн бир топ кыйынчылыктарга туш болушат. Алардын бири жолдордун жамандыгы. Тургундар көлчүктөрдү аралап, ылайды жана чыланы басып өтүүгө аргасыз. Анткени жөө киши жүрө турган жолдор жок.
Дордой-2 конушу
Орто Азияда ири базарлардын катарын толуктаган Дордой базарынын жанында жайгашкан конушта жолдордун абалы орточо. Негизги көчөлөрдө асфальт салынып, бирок кайчылаш көчөлөрдү суу каптап, жолдор ылай болууда.
"Дордой-2де 3 жылдан бери жашайм, чынында маселе оор. Кыш бүткөндө жолдор ылай, баткак болуп калат. Кар эрип же жаан жааганда суу үстүңкү көчөлөрдөн биздин көчөгө агып келип көчөнү жана айрым үйлөрдү да каптап кетет. Жыл сайын ушул абал, өзүбүз колубуздан келгенче оңдогонго аракет жасайбыз. Айыл өкмөткө кайрылсак, "ооба" деп айтканы менен маселе эч эле чечилбейт", - дейт Дордой-2 конушунун тургуну.
Ак-Жар конушу
Ак-Жар конушундагы абал жогоруда айтылган конуштукунан да начар. Бул конушта көлчүктөр кайчылаш көчөдө эмес, негизги көчөдөн орун алган. Тургундардын айтымында жолду жылына 2-3 жолу түздөтүп турушканы менен жаан жааган сайын жолдор мурунку калыбына келип калат.
"Чындыгында айыл өкмөт иштебейт, жолдорду тегиздетишет, бирок ал маселени чечпейт. Анткени жаан жааганда кайрадан эле көлчүктөр жана чуңкурлар пайда болуп калат. Мен жашагандан бери жолду 23 жолу трактор менен түздөштү. Негизги көчөбүздүн узундугу 2 чакырымдан ашат, анын башынан аягына чейин тегиздөө үчүн эле көп каражат сарпталат. Андан көрө асфальт салып койсо, бир нече жыл турмак да", - дейт тургун.
Ошондой эле Ак-Жар конушунун жолдору айдоочуларга да бир топ тоскоолдуктарды жаратып келет. Анткени жолдордун начардыгынан улам, алар унаасын тез-тез оңдоотууга мажбур болушат.
"Эми биз жөнөкөй адамдарбыз да. Айла жоктон эле унаабызды оңдотууга аргасызбыз, өкмөткө айтсак, бизди укпайт. Жылына машинамдын тетиктерин алмаштырып турам. Абдан көп каражатты керектейт. Жолдор аябай эле начар. Жаан жааган сайын көчөнүн айрым жерлери көлчүккө айланса, кээ бир жерлери чыла болуп калат", - дейт айдоочу
Ак-Бата конушу
Ак-Бата конушунда 2 жыл мурун асфальт салынып, жолдор жаңырып, тургундардын көңүлү көтөрүлгөн. Бирок бул конуштун бардык көчөлөрүнө асфальт салынган эмес. Негизги көчөлөрдө асфальт болсо, бул конушта дагы кайчылаш көчөлөр көлчүккө айланып турат.
Жергиликтүү тургундун айтымында, 2016-жылы конушта 2 чакырым жолго асфальт салынып, калган жолдор оңдолгон эмес.
"2 жыл мурун асфальт салып баштаган, башында кичинекей эле жер оңдолгон. Кийин дагы 2 чакырым жол асфальтталган. Унаа жүрчү жолду жакшы салышты, аларды эч кандай сындай албайм. Бирок тротуарларды салгандарга карата нааразымын. Анткени алар кээ бир жерлерге бетон куйбай эле асфальттап салышты. Азыр эми ошондой жерлерде жарыктар пайда болуп жатат", - дейт тургун.
Бул азырынча 3 конуштун гана абалы, Бишкек шаарынын айланасында мындай абалдагы конуштар дагы көп. Бул маселе канча убакытта чечиле турганы азырынча белгисиз.