Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги №14-троллейбуста активисттер "Биз тумчугуп жатабыз" аттуу акция өткөрүштү. Алар жүргүнчүлөрдү мэриянын алдында өтчү митингге чакырышты.
Активисттердин бири Аманбол Бабакулов: "Шаар өтө булганды, түтүн каптады. Биз жана балдырыбыз тумчугуп жатабыз. Бул маселеге ар бирибиз кайдыгер карабай акцияга чыгалы, экология талкалаган мэрге оюбузду билдирели. Мындай мэрлер иштебеш керек", - деди ал.
Айта кетсек, учурда Бишкек мэриясынын алдында митинг өтүүдө.