Белгилүү мушкер Конор Макгрегор достору менен UFC 223түн катышуучулары бараткан автобуска кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-апрель күнү орун алган. UFC 223түн катышуучулары 8-апрелде орун алчу мелдештин алдында маалымат жыйынга катышып, кайра кетип бараткан автобуска Макгрегор достору менен кол салган. Мушкер автобустун бир терезесин талкалап койсо, досу экинчи терезесин сындырып койгону айтылат. Атактуу мушкердин жасаган иш-аракетинен автобустун ичинде бараткан америкалык мушкер Майкл Кьеза жаракат алган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Айрымдар ирландиялык спортчунун бул аракетин чемпиондук курдан ажырап калганынан улам жасаган деп божомолдошууда. Белгилей кетсек, Конор Макгрегор узак убакыттан бери чемпиондук курду сактоо үчүн беттеш өткөргөн эмес.