Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун өзбек чек арачыларынын аткандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жөнөттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргыздагы ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду чакырып, министрдин орун басары Нурлан Абдырахманов нотаны тапшырды.
Буга чейин Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну өзбек чек арачылары аткан октон каза болгону маалымдалган. Маркум окуя болгон учурда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында болуп, Мамай айылына бара жатканы белгиленген.