Аксыда Кыргыз жараны чек арачылардын огунан каза болгон окуя Өзбекстандын аймагында болгонун Өзбек басылмалары жазып чыгышты.
"Каза болгон Кыргыз жараны Өзбекстандын чек арачыларынын талаптарын укпай, токтобостон кете берген. Алгачкы эскертүү катары асманга атылган окко да көңүл бурбастан Кыргыз Республикасынын аймагына кирип кеткен. Ага чек арачылар аргасыздан ок атышкан, жарадар болгон адамды унаа күтүп турган, аны дароо алып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек буга чейин, Мамлекеттик чек ара кызматынан "Өзбек чек арачылары чыгарган октон Кыргыз жараны ооруканада көз жумду" деп билдиришкен болчу.