Дайынсыз болуп Түркиядан табылган ысык-көлдүк 2 баланын энеси Кыргыз жергесине келип кайра дайынсыз болуп жатканын айтат апасы

Дайынсыз болуп Түркиядан табылган ысык-көлдүк 2 баланын энеси Кыргыз жергесине келип кайра дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын апасы Бегайым Осмонбекова билдирди.

"Кызым 9-апрелге караган түнү таңкы саат 04:10до Түркиядан Кыргыз жергесине учуп келген. Өзүм барып тосуп алып Каракол шаарына алып келгем. Бирок кечинде кайра дайынсыз жоголуп кетти. Учурда каякта, эмне кылып жүргөнү белгисиз. Кызымдын билетин да өзүм сатып алдым. Себеби аны чакырган Азербайжан жараны суранган болчу. Ал "апрель айында Түркиянын жарандыгын алам, билет сатып алганга акчам жок мага маселе жаратпасаңар эле кызыңарды салып жиберем" деген. Ага да макул болуп билетти өзүм сатып алдым. Кызым келгенде мага эч нерсе айткан жок. Эми кайра дайынсыз болуп үйдөн качып кеткенде эмне кыларымды да билбей калдым. Кызымды чакырган Азербайжан жараны Түркиянын Анкара шаарында баштык чыгарган заводдо иштейт экен. Биз ал адам тууралуу консулдукка кайрылабыз дегенде кызымды жиберген болчу. Кызым балдарын да эске албай кантип ушундай жоруктарды жасап жатат деп нес болуп турам", - дейт Бегайым.

Эске салсак, 31-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Жаркын Самакова жакындарына айтпай Түркия мамлекетине учуп кеткен боюнча байланышка чыккан эмес. Кызынын дайынын билбей жаткан эне көргөн-билгендерден жардам сурап кайрылып, кызы Жаркын Самакова 2017-жылдын сентябрь айынан бери азербайжан улутундагы жаран менен социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүргөнүн айткан. Кийин Жаркын Самакованын Түркиянын Анкара шаарынан табылганын апасы кабарлаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
kalbek87
2018-04-10 12:58:29
Балдарын кароосуз калдыргандыгы учун деп иш козгоп туруп,камап салыш керек мындай ХХХХХХХХХХХ
+19
Janna07
2018-04-10 13:06:45
Озун озу башкаралбаган неме окшойт. Апасына эле кыйын болуптур
+13
Daak9091
2018-04-10 13:10:35
Байлап салыш керек
+10
aIways-here
2018-04-10 13:11:13
Көчө адамы болуп калыптырда, мындайлар оңолушу кыйын.
+10
dinar-87
2018-04-10 13:12:02
Кор болосунго апанды балдарынды карабай ХХХХХХ
+11
Mazi1280
2018-04-10 13:12:54
Кыргыздан эле куйоого берип токтотпосо ,ХХХХХХХХХ
+6
jasgul
2018-04-10 13:41:53
Mazi1280,куйоосу бар экен эле го..
+1
AKCAHAT
2018-04-10 13:14:33
Кызы Эми уятына чыдабай суицидге барсачы? Апасы калын журтка жарыялабай койсо ХХХХХ
+10
Vegan
2018-04-10 13:20:20
AKCAHAT,туура элге жайыштын кереги жок болчу!
+8
AIZAD
2018-04-10 13:17:22
Дейди
+3
tekebaeva.Arzu
2018-04-10 13:33:46
Ушундай кыздан барынан жогу,эненлик уккктан ажыратып ,кабыл албай койгула кызынарды,жок болсун аары.
+5
SHERBOLAT
2018-04-10 13:39:21
Чоон эле катын экен,ХХХХХХХХХ
+4
Cleo-13
2018-04-10 13:44:44
Ушуларды кайра кайра чыгара бересинерби? Милицияга кайрылсын.
-1
gulya583
2018-04-10 13:54:46
А балким, азери катуу коркуткандыр ким билет
0
rysik79
2018-04-10 13:56:51
Кудайым башка салбасын мындайды. Диагноз
+2
akzuura
2018-04-10 14:06:28
Эненди ошондой кабатыр кылбай мээн менен болуп качып какабай эрге тийип алда.
Эри мн журот деп конулу ток журот.
+4
MOSKVICH
2018-04-10 22:21:22
Эми туалетке кирип узак отуруп калса деле жок деп уят кыла бериниз кызынызды.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан