Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Бегайым Осмонбекованын 35 жаштагы кызы 2 күн мурун Түркия шаарына үйдөгүлөрүнө айтпай учуп кеткен. Кеткен күндөн бери дайынсыз болгон кызын издеген эне SUPER.KG порталына кайрылды.
Эненин айтымында, кызы 1983-жылы туулган, аты-жөнү Жаркын Самакова. Ал 2017-жылдын сентябрь айынан бери азербайжан улутундагы жаран менен социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүргөн.
“Кызымдын эки баласы бар. Жолдошу менен өткөн жылдын декабрь айында ажырашып кеткен. Буга чейин бир жолу Түркиянын Анкара шаарына иштеп келген. 31-март күнү кечке маал Айнура аттуу кошунабыздын үйүнө барып келем деп суранган. Кетип жатып, “апа, бүгүн Айнура эженин жумуштарына жардам берем, келбей калышым мүмкүн” деди. Ал күнү үйгө келген жок. Эртеси эртең менен кошунабыз телефон чалып, кызымдын Түркияга кетип калганын айтты. Мен ишенбей биздин аэропорттон кызымдын учуп кеткени боюнча текшертсем 31-март күнү таңкы саат 05:00дө Стамбулга учуп кеткени аныкталды.
Эки күндөн бери кирпик какпай кызымдын үнүн угууга зар болуп “телефон чалып калабы?..” деп күтүп отурам”, - дейт дайынсыз болуп жаткан кыздын апасы.
“Буга чейин кызым азербайжан улутундагы киши менен социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүргөнүн айткан. Мени дагы тааныштырмакчы болгондо телефондон “кызымды алдабай, экинчи телефон чалба” деп айткам. Бирок ал “кызың мага баары бир келет, андан кийин өмүр бою көрбөй калышың мүмкүн” деп айткан эле. Бирок мен кызымдын ал жаранга кетип калышын ойлогон эмес элем. Себеби эки баласы турса, кайдагыны ойлойсуң? Кызым Түркия шаарына ошол адам үчүн кеткени анык, бирок эмнеге биз менен байланышка чыкпай жатканы кабатыр кылууда. Себеби анын телефонуна WhatsApp аркылуу байланышсак албай жатат. Ошондуктан коомчулуктан, чет жерде жүргөн жарандардан көрүп-билгендер болсо жардам берүүнү суранам”.
Жаркын Самакованы көрүп-билгендер болсо, апасы Бегайым Осмонбекованын 0707 69 98 72 телефон номерине чалып коюусун өтүнөбүз.