Түркиядан Кыргыз жергесине келип кайра дайынсыз болуп жаткан ысык-көлдүк 2 баланын энеси Жаркын Самакова үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын апасы Бегайым Осмонбекова билдирди.
"Жумуштан келсем кызым үйгө келип калыптыр. Бирок каякка барганын, кайда жүргөнүн сураган жокмун. Негизгиси кызым аман-эсен үйгө келгенине сүйүнүп жатам", - деп билдирди кыздын апасы.
Эске салсак, 31-мартта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Жаркын Самакова жакындарына айтпай Түркия мамлекетине учуп кеткен боюнча байланышка чыккан эмес. Кызынын дайынын билбей жаткан эне көргөн-билгендерден жардам сурап кайрылып, кызы Жаркын Самакова 2017-жылдын сентябрь айынан бери азербайжан улутундагы жаран менен социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп жүргөнүн айткан. Кийин Жаркын Самакованын Түркиянын Анкара шаарынан табылганын апасы кабарлаган болчу.