Өмүрбек Текебаев отурган камерадан видеокөзөмөлдү алып салуу боюнча маселесин карап чыгуу тапшырылды

Премьер-министр Сапар Исаков экс-депутат Өмүрбек Текебаев отурган камерадан видеокөзөмөлдү алып салуу боюнча маселесин карап чыгууну Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаровго тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган маселени кечээ, 10-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов көтөргөн. "Таалайбек Жапаров бул маселе карала турганын билдирди. Ошону менен катар эле Жапаров мыйзам боюнча видеокөзөмөл адамдын коопсуздугу үчүн орнотула турганын кошумчалаган", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Текебаев отурган камерага видеокөзөмөл ушул жылдын январь айында орнотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mikra
2018-04-11 11:15:38
Текебаев жинди эмесда оз омуруно кол салгыдай.жаш баланын созун суйлопсунор.Буйурса Текебаевим чыгат.аз калды чыданыз Омурбек мырза.биз сиз менен.Ашанын ашын чыгарасыз аз кундо.Жеенбеков молодец президент.Намаз окуш керек мына Ашанарга окшоп арак ичип тантырабайт.Аша суйлогондо уялчу элем.Беш сары соода борборунун генеральный деректору пара кор.Жолдош депутатка окшоп шапкемди ылдый кылып алчуулем уялып.Ашанын куйругу аз кундо жок болот.Текебаев эркиндике чыгасыз эл сиз менен.
+2
tmttmt
2018-04-11 12:37:49
Депутаттар кенен кесир сүйлөп калды ээ менинче Атамбаев барда ийинден чыкпай жатышты бизда камалып кетпесек эле деп
+2
Mikra
2018-04-11 14:05:33
tmttmt,Туура айтасыз.чындык эми ачыка чыгат окшойт.Жеенбеков Кудайдан корккон киши.дагы кооп кишилер кетет Ашанын кашасы эми чыгат.Кудайым Буйруса.бирок элди пайдаланбай тынч кетишсе экен.камап эле тим болбостон кустуруш керек.Кыргызстан бир аз болсода карызынан кутулмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан