“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду. Ал учурда Улуттук кардиология борборуна которулганын аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов SUPER.KG порталына билдирди.
Шыкмаматовдун айтуусунда, Текебаевге аритмия, стенокардия гипертония деген оорулардын диагнозу коюлган.
"Бүгүн консилиум болуп, Өмүрбек Текебаевге аритмия, стенокардия гипертония оорулардын диагнозу коюлуп, жогорку тобокелдикте экени айтылды. Ал Улуттук кардиология борборуна которулду", - деди фракция лидери.
Өмүрбек Текебаев быйыл 31-июлда №47 абактан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланган.
Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды" деп айыпталып, 2017-жылы камакка алынган.