Бишкек ШИИББи: "Көчөнүн ортосунда жыныстык катнашка барган адамдар дале табыла элек"

Бишкекте көчөнүн ортосунда жыныстык катнашка барган адамдар дале табыла элек. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ал окуяга катышкан адамдар дале табыла элек, издөө иштери жүрүп жатат. Ал окуяны азырынча зордуктоо деп айта албайбыз, анткени зордуктоо фактысы боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Ага байланыштуу ал иш азыр тартип бузуу катары эле каралып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, окурман тарабынан "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Көчөнүн ортосунда болгон уят иш" деген аталышта видео жүктөлгөн. Видеодон көчөнүн ортосунда эркектин аял менен жыныстык катнашка баргандай кыймыл-аракетин көрүүгө болот. Аны унаада бара жаткан жүргүнчүлөр тартып алышкан. Видеодо жүргүнчүлөрдүн күлкүлөрү, "Ош базары" деп койбойсуңбу" деп сүйлөгөндөрү да угулат. Кийин Бишкек ШИИББинен аталган видео боюнча иликтөө башталганын кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-04-11 15:14:22
Бомждар болсо керек башка кылмышты эле изилдегилечи ошолорго убакыт коротбой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан