Парламент юстиция министри кызматына Абдылдаеванын, өкмөттүн аппарат башчылыгына Мукамбетовдун талапкерлигин колдоду

11-апрелде парламентте юстиция министри кызматына Айнур Абдылдаеванын, өкмөттүн аппарат башчылыгына Мурат Мукамбетовдун талапкерлиги каралды.

Жогорку Кеңеш алардын талапкерлигин жактырды.

Каттоодон 111 депутат өткөн, "макул" деп 106 добуш берилди, "каршы" деп добуш бергендер болгон жок.

Эске салсак, буга чейин алардын талапкерлиги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, колдоо тапкан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан