Активист Темирлан Ормуковдун дары-дармеги үчүн акча чогултулуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бул иш-чараны демилгечиси, укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги СИЗО-1де кармалып турган көзү азиз акын, активист Темирлан Ормуковдун дары-дармеги үчүн акча кечээ, 11-апрелде демилгеленип чогултула баштаган.
"Темирлан Ормуков буга чейин инсульт болгон, жүрөгү ооругандыктан күн сайын бир даанасы 300 сомдук дарыны колдонот. Ошондо айына 9 миң сом кетет экен. Кечээ, 11-апрелде акыркы дарысы калыптыр, мындан улам жардам иретинде акча чогултуп баштаганбыз. Ошол күнү эле 2 миң 714 сом которулду. Бүгүн, 12-апрелде эртең менен саат 9да АКШдан 200 доллар которулду. Чогулган акчанын 2 миң 700 сомуна 14 таблетка алып азыр абактын алдында Ормуковго берип кетейин деп турам. Дагы 2 мекендешибиз Түркиядан алып келип беребиз деп убада беришти. Мындан сырткары чет жакта жүргөн боордоштор да жардам берерин айтууда", - дейт Карасартова.
Темирлан Ормуковго жардам берүүнү каалагандар "Элсом" аркылуу 0707620484 номуруна акча которсо болот.
Эске салсак, Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мыйзамсыз иштерге айыптаган. Депутат милицияга арыз жазган соң айткандары жалган делип, Ормуковго карата жалган маалымат таратуу боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Октябрь райондук соту аны бир айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарганы кабарланган.
Кийин Темирлан Ормуков 29-мартта Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынганы жатканда, жактоочусу келер алдында ажатканага суранып чыгып, ошол жерден өзүнүн ичин лезвия менен кесип жиберген. Кийин кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланган. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. 5-апрелде тергөө иштери бүткөнгө чейин 2 ай убактылуу кармоочу жайда кармалат деп СИЗО-1ге камакка алынган.