"Ош базарындагы" өрт кырсыгынан зыянга учураган соодагерлерди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кабыл алды. Соодагерлер төрагага зыяндын ордун толтуруу, күйүп кеткен контейнерлерди калыбына келдирүү, өрттүн себебин так аныктап чыгуу боюнча талаптарын коюшту. Алардын айтымында, Жумабеков талаптар аткарыла турганын убадалады.
"Төрагага болгон талаптардын баарын айттык. "Мына, базардын буга чейин өрттөнгөн бөлүгүндө зыянга учурагандардын талаптары аткарылбай жатат. Биздин айткандарыбыз дагы аткарылбай калбасын" дедик. Ал "кайгырбагыла, ыйлабагыла, баарын жасайбыз" деди. Кийинки жумада дагы кабыл ала турган болду", - дешти соодагерлер.
Митингге чыккан соодагерлер эртең, 14-апрелде Ленин районунун администрациясынын алдына чогулуп, аким менен жолугуша турганын айтып тарап кетишти.
Айта кетсек, бүгүн, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 2 миң 500 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган.
Буга чейин да Ош базарынан 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришти.