Түп районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгында сабалган Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки кызматкери ИИМдин госпиталында дарыланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
"Окуяда 14-апрель күнү катуу ылдамдыкта келе жаткан Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа жол көзөмөлдөөчүлөргө токтобой кеткен. Мындан улам унаа болжол менен 600-700 метрден кийин жол кырсыгына учураган. Кырсык болгондон кийин протокол толтуруп жаткан учурда жабыркагандардын жакындары Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 31 жаштагы тескөөчүсү А.Н. жана 28 жаштагы кенже тескөөчүсү А.С. аттуу кызматкерлерин сабашкан. Учурда алар Ички иштер министрлигинин госпиталында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда, абалдары туруктуу. Алар баш мээсинен жаракат алышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми кырсыктан жаракат алган жарандардын бири облустук, бири райондук ооруканада дарыланууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Эске салсак, Түп районунда 14-апрель күнү Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдык менен жолдон чыгып оодарылып кетип, бир адам каза болуп, эки жаран ооруканага жеткирилген.