ЭЛДИК ВИДЕО: "Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы адам өмүрүнө коркунуч жараткан унаа жарыш оюндары"

SUPER.KG'нин "Элдик видео" бөлүмүнө "Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы адам өмүрүнө коркунуч жараткан унаа жарыш оюндары" деп аталган видео жүктөлдү.

Видеодон 2 унаанын жолдо жогорку ылдамдыкта жарышып бара жатканын көрүүгө болот.

Автордун айтымында, унааларды эл жашаган, унаалар көп жүргөн эле жолдо жарыштырышат.

"Бул жерде эл көчөгө чыккандан коркуп калган. Балдарды такыр чыгарбайбыз. Унаа жарыш ушундай улана берсе бир күнү кырсык болушу мүмкүн. Өтө жогорку ылдамдыкта айдап өтүшөт. Айыл эли, аксакалдар кайда кайрыларыбызды билбейбиз. Анткени унааларды жарыштырып, түрдүүчө жасап берген адам күч органдарын колго алып койгон дешет. Мындай унаа жарыштар башталганда биз Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган башкармалыктын кызматкерлерин чакырабыз, бирок келишпейт", - деп билдирген автор.

Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2018-04-17 11:08:52
ГАИлер алдын ала акча алып алышат анан көрмөксөн болуп коюшат
0
Zainidin96
2018-04-17 11:17:56
Чуйдо да бар болуш керек
0
i1urp
2018-04-17 11:39:40
Мага жагат. Ушундай экстрималдуу оюндар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан