Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалды. Бул тууралуу 17-апрелде SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аларга карата 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берене (массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголгон.
"Учурда алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшүнө тиешеси бар делген 15 адам кармалды. Алар Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Ал эми 130дан ашык киши суракка алынды. Кармалгандардын үчөө аял киши. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева Кытай тарап Кыргыз тарапка Тогуз-Тородогу окуя боюнча кайрылуу жасаганын айтты.
"Кытай элчилиги Тогуз-Тородогу окуяда кытай инвесторлорун жергиликтүү жашоочулардан коргоону жана аталган чырды көзөмөлгө алууну суранган. Териштирүүнү ИИМ өз көзөмөлүнө алды", - дейт Кулукеева.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.