Бишкектеги 234 адам ууланып, убактылуу жабылган "Ала-Тоо" рестораны кайра ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, аталган ресторан толугу менен дезинфекциялоодон өткөрүлгөн соң иштөөгө уруксат берилген.
"Ресторанда өткөн тойдон 234 адам ууланган. Ошол себептен тактоо иштери бүткөнгө чейин убактылуу жабылган. Ал эми массалык ууланууга тооктун этинен даярдалган тамак себеп болгону аныкталган. Этти жогорку температурада сактап койгондуктан сальмонелла бактериясы көбөйүп кеткен. Ресторанды толугу менен дезинфекциялоодон өткөрдүк. Кайрадан текшергенибизде таза чыкты, андан кийин гана иштөөгө уруксат бердик", - дейт башкы дарыгер.
Ошондой эле бул маселеге байланыштуу Бишкек ШИИББи Кылмыш-жаза кодексинин 256 (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) жана 258-беренеси (коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү) менен кылмыш ишин козгогон.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдиргендей, буга чейин тамак-ашка уулангандар жашаган аймагындагы ооруканаларга жаткырылган.
"Жалпысынан медициналык жардам сурап кайрылгандардын баарына амбулатордук жана стационардык түрдө жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда ден соолугунун абалы жакшырып, бейтаптардын баары ооруканадан чыгарылды", - дейт басма сөз катчы.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка 234 жаран ууланганы кабарланган. Массалык түрдө ууланууга жол берген "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылып, жетекчилерине 25 миң сом айып салынган.