Бишкек шаарына бир даанасы 9 миң сомдук көчөттөр отургузулду

Шаар ичин жашылдандыруу максатында Бишкек шаарынын "Жашылдандыруу" ишканасы бир даанасы 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алды. Бул тууралуу "Жашылдандыруу" мекемесинин агроному Элнура Жолдошева билдирди.

"Бүгүнкү күндө шаар ичине 10 миң 768 даана көчөт отургузулган. Мындан сырткары, 2017-жылы күзүндө Муниципалдык аймактык башкаруу мекемеси алып берген 2598 даана көчөт тигилген", - дейт ал.

Ал эми коомчулук 9 миң сомго бир даана көчөт сатып алуу кымбат экенин айтып, нааразычылыгын билдирген. Мындай талкууга Алымжан Усубакунов: "Көчөттөрдү алганга чейин бааларга мониторинг жүргүзүлүп, биздин токой чарбаларда түрдүү дарактар бар экени аныкталган. Бирок алардын диаметри 3-4 сантиметр, бийиктиги 2-2,5 метрди түзгөн жаш көчөттөр экен. Алардын өсүшү үчүн 7-8 жыл керек. Бул убакыт аралыгында алардын тамыр алып, өсүп кетишине кепилдик жок. Биз учурда экология көйгөйүн чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деген пикирин айткан.

Ошондой эле Алымжан Усубакунов бардык көчөттөр биздин климатка ылайыкташып сатып алынганын белгилеген.

"Жашылдандыруу" ишканасы чет өлкөдөн 13 миллион 763 миң сомго көчөттүн алты түрүн сатып алган. Алар:

Майда жалбырактуу липа - 3 636 000 сомго 400 даана көчөт (бир даанасы 9 090 сом);

Зараң - 2 727 000 сомго 300 даана көчөт (бир даанасы 9 090 сом);

Каштан - 1 818 000 сомго 200 даана көчөт (бир даанасы 9 090 сом);

Чынар терек - 3 636 000 сомго 400 даана көчөт (бир даанасы 9 090 сом);

Декоративдик алма багы - 485 000 сомго 100 даана көчөт (бир даанасы 4 850 сом);

Четин - 1 461 000 сомго 300 даана көчөт (бир даанасы 4 870 сом).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Okna
2018-04-18 20:15:15
Ээх каратып туруп алдап жеп уурдап талап атышатго ээ канча дагын чыдайбыз Кыргызым 9000 ге 90 дана кочот келет эй кандайбул уууф Женбеков каякты карап жатасын ушуга окшогондорду атуга Окум кылса озум атмакмын баарын
+4
aerforce
2018-04-18 20:21:26
ой тообо көчөттун корозу ашып кетсе миң сом бул дагы аттиштин баасы болуп калыптырго
+1
Taalai1997
2018-04-18 20:25:36
Ушул кочотордун баарын 9минге алганга окшойткен
0
dosym
2018-04-18 20:29:03
Заран 9000 миң сом дейби, мага келгилечи бекер эле берем
+3
cfif03748
2018-04-18 20:30:34
кочотунор когоруп! озунор ХХХХХХХХХХ
+1
turna23
2018-04-18 20:38:15
Тендер бул,мамлекеттин акчасын маданияттуу жегендин жолу. Ооруканаларга тендер откоргондорду текшергиле. Эн чон коррупция ошол жакта. Аптекада сатылган баадан да кымбат откорушот бааларын.
+2
Boika1986
2018-04-18 20:48:44
Кыргызстан эн бай олко дуйнодо,бир кычкач 600$ бир туп кочот 9000мин сом.Ме сага дагы кандай онугуу керек?
+4
Pandora
2018-04-18 20:56:51
Не болгон кочот? же бучурлору алтындан бекег?
+2
kriss120
2018-04-18 20:57:10
Ха ха заран айылга баарса бекер бермекмин.Чынар терек озгон 25сомдон
+2
NURSAPAR
2018-04-18 22:22:54
Дааа..... сөз жок мамлекетибиз бай.,мэрибиз акылдуу,ашыкча акча көп,билгендерин кылышат да. Акыретти ойлогула жооп берчү күн келет. .
+1
juma11anara
2018-04-18 22:39:34
2 жыл мурун 100сомдон 10 көчөт алып келип тиккем огородко. Баары жакшынакай болуп өсүп атат. Эмки жылы көлөкөсүндө,күн ысыганда чай ичип эс алып отура турган болуп калат
0
mers8
2018-04-18 22:57:58
Буларын тируулой олтуротко адамды
0
ABAkg86
2018-04-19 00:33:37
Эхооо Бишкекте ценалар тим эле "Азбука Вкусаго" же ал кочоттор алтын момо берет бекен?
0
bekobek
2018-04-19 04:54:29
ХХХХХХХ можно просто. 9000 сом. ХХХХХХХХ
0
admin_media
2018-04-19 09:53:37
bekobek, коомдук этиканы сактаңыз!
0
GULZAT.83
2018-04-19 09:20:15
Балким 9000мин сомдук кочоттордун жалбырактарынын ордуна 100 сомдук акчалар оноттур... Оооо анда Кыргызстан Сауд Арабияданда отуп кететкоо байып..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан