Өлкөнүн бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда белгиленет

Өлкөнүн бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда белгиленет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйылкы Акыркы коңгуроо салтанаты өлкөнүн бардык мектептерде 25-майда саат 9:00дө башталат. 2017-2018-окуу жылында 65 миң окуучу мектепти бүтөт.

Министрликтин билдиргенине ылайык, 2017-2018-окуу жылы 25-майда аяктайт. Бардык мектептерде өтө турган салтанаттуу иш-чаралардын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап, тартипти сактоо үчүн атайын иш-аракеттер жүргүзүлөт.

25-май күнү саат 9:00дөн баштап 26-май күнү таңкы саат 8:00гө чейин Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана ата-энелер кезеги менен күзөттө болушат. Ошондой эле билим берүү башкармалыгынын жана ИИББдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн Жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын кызматкерлеринен турган мобилдүү топтор иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан