Базар-Коргон районундагы “Жаркынай" базарынын жетекчилиги менен соодагер Чынара Гуламидинованын чыры эмнеден улам ырбаган? SUPER.KG порталынын иликтөөсү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы “Жаркынай базарынын” соодагери сабалып, ага базар башчы үстөмдүк кылып, акча талап кылганын 14-апрелде SUPER.KG порталына Чынара Гуламидинова билдирген.
Мындан көп өтпөй, бул окуянын экинчи жагы - базар жетекчилигинин атынан базар башчысынын кызы Айдай Чоноева жогоруда айтылган сөздөр жалаа экенин айткан.
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу Базар-Коргон районундагы “Жаркынай базарына” барып келди.

Чыр эмнеден улам чыккан?

"Жаркынай базарынын" жогорудан көрүнүшү


19-апрель күнү базарга кирип барарыбыз менен биздин чыгармачыл топту 10 чакты сатуучу тосуп чыкты. “Жаркынай” базарында иштеген Чынара Гуламидинова менен ушул эле базарда соода кылган сатуучулардын ортосундагы урушка эмне себеп болду эле?” деген суроону жалпыга узаттык. Алардын айтымында, Чынара Гуламидинова базарда дүң баада банан, мандарин сатат. Аны ушул эле базарда иштеген башка сатуучулар сатып алып, үстүнө акча кошуп элге сатышат. “Бирок Чынара бизге, сатуучуларга эле эмес, элге да товарын дүң баада сата берет. Анын айынан биздин соодабыз жүрүшпөй калды”, - дешет сатуучулар. Чыр ушундан улам ырбап кеткенин, кийин 4-апрелдеги окуя келип чыкканын кошумчалашты. Ошол окуянын алдында сатуучулар базар башчысы Айдай Чоноеваны чакырганын айтышат.

“Биз эч кандай Чынара Гуламидинованы урган эмеспиз”
Буга чейин SUPER.KG порталына Чынара Гуламидинова тарабынан видеотасма жиберилген. Андан базардагы сатуучулар Чынара Гуламидинованы жулкулдатып, сыртка чыгарууга аракет кылып жатышканын көрүүгө болот.

“Ошол дүкөндүн ичине киргендердин бири мен болчумун” деген Өмүркан Анарбек кызы буларды айтып берди:
- 4-апрель күнү соодабызды токтотуп, базардагылар чогулуп Чынара иштеген дүкөнгө бардык. Анан ал “силерге өлүп гана бербесемби” деп дүкөнүн бекитип, ичине кирип кетти. Биз чындап эле өлүп калбасын деп чочулап, анын дүкөнүнө кирип бардык. Кирип “эже, эшикке чыгыңыз” десек, болбой отуруп алды. Ал тасмада деле бар. Биз эч кандай аны урган эмеспиз.
Сайтка жиберген видео тасмада “мени сабап жатышкан учурда видео байкоону өчүрүп салышкан” деп Чынара айтыптыр. Ошол видео байкоону мен өчүргөм. Себеби бул жактагы эжелер “видеону өчүр, эртең эле аны монтаждап, жалган көрсөтмөлөрдү чыгарат” дешкен.

“Баткениңе кет” деген сөз кайдан чыкты?
Чынара Дүйшеева аттуу соодагер “Чынара Гуламидинова өзү Базар-Коргон эли мага кул, 90 пайызы мага баш ийишет” дегенин айтат.
- "Эмнеге ушул жерден ырыскы таап жатсаң, кантип ушундай жаман сөздөрдү айтып жатасың, анда “Баткениңе кет” деп айтканымды кесип алып, монтаждап ошону чыгарып койгон", - деди Чынара Дүйшеева.
“Биз Чынарага болгону Базар-Коргондон чыгып кет дегенбиз” деп Чынара Дүйшееванын сөзүн башка соодагерлер улантып айтышты.

“Жаркынай” базарында өрт коопсуздугу сакталган эмес”
SUPER.KG порталына Чынара Гуламидинова тарабынан жиберилген дагы бир видеотасмадан дүкөндүн жанындагы жолдун талашка түшкөнүн көрүүгө болот.

Сүрөттүн оң жагында Чинара Гуламидинованын дүкөнү жайгашкан. Көрүнүп тургандай, жолдун туурасы 19-апрелге карата 9 метр чыкпайт.Буга байланыштуу Базар-Коргон районунун Аймактык экологиялык жана коопсуздук техникалык башкармасынын башкы инспектору Рахман Касымовго кайрылдык. Ал “Жаркынай базарындагы” өрт коопсуздугу тууралуу буларды айтып берди:
- Аталган базар өрт коопсуздугуна толук жооп бербейт. Жакында эле базардын башкы планын алганбыз. Биз эми ошол карта менен базардагы соодагерлердин кимиси чектен ашып кеткенин, кимиси коопсуздукту сактабай жатканын аныктайбыз.
Ал эми чырга айланган дүкөн жолдун боюнда жайгашкан. Мына ошол жолдун туурасы 9 метр. Өткөндө ал жерден өрт өчүрүүчү унаа тоскоолдуксуз өттү. Базардагы чыккан чыр боюнча арыз келип түшкөн. Арызда өрт өчүрүүчү унаалар өткөн жолго товарларын коюп сатып жатышканы жазылган. Чынара Гуладиминова кайрылуусунда айтылган жол өрт өчүрүүчү унаа өтө турган жол болуп саналат. Биз азыр арызды карап жатабыз.

“Айдай Чоноева бизди эч кандай чакырып, ал жерге алып келген эмес”
"Базардын коопсуздугун, тазалыгын көзөмөлдөйбүз" деген Урмат Үмөталиев видео тасмага кандайча түшүп калганын түшүндүрдү.
- "Мен базарда 6 жылдан бери коопсуздукту, тартипти көзөмөлдөп иштейм. Бизден базарга карата коркутуу, рэкетчилик кылуу деген маселелер жаралган эмес. Ал болгону токулган калп. Мен чыр чыкканда базарда жүргөм. Ошондуктан чырга аралашып калдым. Ал эми Айдай Чоноева бизди эч кандай чакырып, ал жерге алып келген эмес", - деди Урмат Үмөталиев.

"Чынара Гуламидинова жеңил жаракат алганы аныкталды"
Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан буларды билдирди:
- "Базар-Коргон районунун тургуну Чынара Гуламидинова базарда чыккан чыр-чатак боюнча арыз жазган. Арызда жабырлануучу базардагы соодагерлер тарабынан улам ур-токмокко алынганы айтылган. Бул боюнча медициналык экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында жабырлануучу жеңил жаракат алганы аныкталды. Чыккан экспертизанын жыйынтыгынан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, административдик кароого сотко жөнөтүлдү.
Ал эми экинчи тарап болгон базардагы соодагерлер тарабынан “мазактоо” боюнча арыз келип түшкөн. Арызда базардын сатуучулары Чынара Гуламидинова аттуу жаранды базардан чыгарып салуу маселесин айтышкан. Мындан улам тергөө иши токтотулуп, иш административдик кароого жөнөтүлдү".

“Чынаранын акчасы көбөйдү, байыды, анан элге мамилеси өзгөрдү”
Видеотасмага түшкөн Айдай Чоноеваны туугандары анын ооруп жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартып жатканын билдиришти. Мындан улам “Жаркынай базарынын” жетекчиси жана Айдай Чоноеванын апасы Алхабар Эркинбаевадан жооп алдык.
- "1996-жылы ачык аукциондо “Жаркынай базарын” сатып алгам. Ошондон бери базарды иштетип келе жатам. Базарда уруш-талаш деле болчу эмес. Сатуучулар өз ара мамилеси жакшы болуп, ынтымакта иштеп келишкен.
Мындан 5 жыл мурда биздин базарга Чынара Гуламидинова аттуу сатуучу Баткен облусунан келип, соода кыла баштады. Баткенден келиптир деп сатуучулар менен тааныштырып, соодасын жүргүзгөнгө жардам берип, колдоо көрсөттүм. Ал Бишкектен насыя товарларын алып келип, товарын көбөйтө баштады. Акчасы көбөйдү, байыды, Базар-Коргондон үй алды. Кийин элге жаман мамиле кыла баштады. Мисалы, элге дүңүнөн бананды 25 сомдон сатса, өзү кайра дүкөнүндө ошол эле баадагы бананды 15 сомдон сатып отура берет. Аягында андан товар алып жүргөн 40-50 келин банкрот болду. Карыз болуп калган сатуучуларды сабады, үйүнө алып барып коркутту. Колун кести, боюнда бар аялды боюнан түшкүчө уруптур. Акыркы жылдардагы уруш-талаштар боюнча мага да арыздар келип түшкөн. Бирок мен жетекчи катары эки тарапты элдештирип, ынтымакка чакырып турчумун. Ал такай экинчи мындай кылбайм деген сөздөрдү айтчу.
Акыркы чыр боюнча айтсам, кызым Айдай бул окуяга капыстан гана катышып калды. Ал бир эч кимге жамандык кылган адам эмес эле. Учурда бул иш боюнча укук коргоо органдарына кайрылдым. Эми мен акыркы 5 жылда Чынара кимге кандай жаман иштерди кылганын, фактынын баарын чогултуп, арыз жаздым. Эми ал аял менен сот аркылуу гана эсептешүүгө убакыт келип жетти. Сот алдында жоопко тартам.
Рэкет балдар жөнүндө жана жүк ташыган унаалар боюнча акча алууга да жооп берет. Базар иштеп баштагандан бери аталган унааларга төлөнүүчү акы башка базарларга салыштырмалуу абдан арзан. Мисалы, Портер үлгүсүндөгү унаа үчүн 50-100 сомго жетпеген акча алынат. Бул төлөмдү Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери бекитип беришкен.
Базардагы өрт өчүрүүчү унаа өтүүчү жолго сатуучуларды коюп жатат дегенине келсек, биринчиден, Чынаранын дүкөнү менин жетекчилигиме карабайт. Экинчиден, талашка түшүп жаткан жол менин менчигиме кирет. Бирок ошого да карабастан, Чынара өрт өчүрүүчү унаа өткөн жолго каалагандай товарын коюп сатып келген", - деди Алхабар Эркинбаева.

Чынара Гуламидинова коопсуздугу үчүн чочулап жатат
Бул окуя тууралуу биринчилерден болуп билдирип, "жабыркап калдым" деген Чынара Гуламидинова биздин чыгармачыл топко алгач чыр тууралуу баштан-аяк баяндаган интервью берди. Эртеси эле 20-апрелде ага карата коркутуулар болуп жатканын айтып, балдарынын жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн маегин жарыялабоону өтүндү.

SUPER.KG порталы өз учурунда Чынара Гуламидиновага бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин билдирди. Редакциялык жамаат укук коргоо органдарын бул чырдын тегерегиндеги окуяга көңүл бурат жана көз жаздымда калбайт деп ишенебиз.

Базар-Коргондогу базар чыры: Кардар талаш, кайым айтыш. Баткендик соодагерди базар-коргондуктар кодулашканбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
newman
2018-04-21 02:11:37
Аял киши байыса көп учурда көөп кетмейи барда. Суу ичкен кудукка түкүрбө деген сөздү эске алса экен
-4
TUMAN1
2018-04-21 04:05:48
Болунбой жарбай эле ынтымакта иштесенер болотко. Бул кундор бугун барда эртен жок. Сыйлашып,болунбой жашайлычы кыргыз калкым...
+13
sakuna
2018-04-21 06:04:01
Быйыл Кыргызстанда жалан эле "базар" темасы болчудайго
+1
almanbetperm
2018-04-21 06:48:47
Базардын ичи 9 метр болуш керек дейби? Килейген дордойдун проходтору 9 метр чыкпайтго
+8
meni_kut
2018-04-21 10:24:49
Кыргызда которулуп баратканды буттан тартмай бар,.Королбастык
+4
Дарыгер
2018-04-21 11:01:11
Коро албастык. Бул Эженин орду бироого керек болуп калган го. Озбек ошентип сатсан унчукпасанар керек эле. Базар коргондуктар. Жаман калк экенсинер. Кыргызды батырбаган
+14
Pandora
2018-04-21 11:14:28
Аа эжеси копкон турбайсызбы... Эгер базарком айткандай болуп карыз болгон адамдарды коркутуп жатканыз чын болсо.
-6
fantomas
2018-04-21 11:58:44
Базарком аял бат эле олумуш боло калдыбы орулуу болуп...

Мен жабырлануучуга ишендим.....
+11
taalay25
2018-04-21 13:11:38
Бекерден базар базар базарга бар базарда баардыгы бар-днр айткан эмес да
0
tod
2018-04-21 13:20:58
"Баткенине кет" дегенди кесип монтаждаптыр дейт, тиги видеодо эч кандай монтажы жок эле нагло эле Баткенине кет деп ажылдап атат го тиги келин
+9
Nuraruu5
2018-04-21 14:06:22
Базарларда канча деген КЫТАЙЛАР иштеп атышат. Унчукпай эле иштетип атышат ко,ошолор сатат арзан не качественный нерселерди зыян дебей эле алып атышат ко, ушул ажылдаган аялдарга места керек болсо ана ошолорду чыгарып "Кет Кытайыңа " деп ордун ээлеп алышсын.Уят маданияты жоктор. Базарная баба деп ошон үчүн айтышат экен да. Балдарын эмне деп тарбиялашат эми булар
+6
traveler
2018-04-21 15:57:33
Базар Коргондуктар чатак болот экенсинер
+8
tekebaeva.Arzu
2018-04-21 18:27:05
Баткендиктер кыйын келет озу,тен келип болбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан