Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарында жол эрежелерин одоно бузган жана мас абалындагы айдоочуларды кармаган. Алгачкылардан болуп унаасынын курун тагынбаган кыз токтотулган. Ал алгач инспектордун айткандарын аткарбай тийиштүү документтерди көргөзгөн эмес. Ошондой эле анын жанында өткөн жылы милиция кызматкеринин кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнакова отурганын көрүүгө болот. Унааны анын дос кызы башкарып бара жаткан. Айдоочу кызды инспектор унаанын курун тагынбай айдап бара жатканы үчүн токтотконун айтса, унаанын ээси аны азыр гана чечкенин айтып жатканын байкоого болот. Териштирүүнүн жыйынтыгында айдоочу кыз бир нече күн мурун ичимдик ичкен абалда унаа айдап кармалып, айдоочулук күбөлүгүн алдырганы аныкталган. Мыйзам боюнча, мындай учурда унаа айып жайга токтотулушу керек. Бирок буга көнбөгөн айдоочу унаадан түшпөй, тийиштүү документтерин көргөзгөн эмес. Ал эми Алтынай Жайнакова ар кимге чалып, маселени чечүүнүн жолун издеп жатканы видеодо ачык көрүнүп турду. Жол коопсуздук кызматкеринин айдоочулук күбөлүктү качан аласың деген суроосуна "акчам болгондо гана алам" деп жооп берген.
Ал эми ырчы Алтынай Жайнаковага бул окуя боюнча байланышканыбызда "окуяга эч кандай тиешем жок. Убакыт көргөзөт. Мени ызы-чуу кылып чыгарып жатышат, бирок эл көрүп турат. Мен буга көңүл буруп, маани берген жокмун" деп жооп берди.
Айта кетсек, Алтынай Жайнакова катышкан чуулгандуу окуя былтыр да Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда ал өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.