КҮНСЕРЕП: Башкы прокурорлукка талапкер Ак Үйдөн эмес, аймактан келди

Бүгүн, 24-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков баш прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин сунуштады. Сунушту парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин регламенти комитети, ошондой эле коалициялык көпчүлүк колдоду.

Өкмөттүк аппарат тараткан маалыматтар боюнча, 42 жаштагы Өткүрбек Жамшитов прокуратура системинде 20 жылдан бери иштейт. Прокурордун жардамчысы кызматынан тарта райондук, облустук прокурор деӊгээлине чейинки бардык тепкичтерди басып өткөнүн өмүр баяны айтып турат. 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад облусунун прокурору кызматында иштеп келген. Буга чейин башкы прокурорлукка президенттер тарабынан Ак Үйдөн сунушталган "десанттар" шайланып келген. Бул жолу талапкер Ак Үйдөн эмес, аймактан келди.

Индира Жолдубаева кызматтан алынгандан кийин Башкы прокуратурага Жогорку Кеӊештин депутаты Курманкул Зулушев, баш прокурордун мурдагы орун басары Темирбек Бекмаматов барат деген жоромол айтылып жаткан. Президент мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү маанилүү кызматка аты көпчүлүккө тааныш эмес, бирок прокуратура тармагында бышып-жетилген жаӊы жүздү сунуштады. Буга чейинки 2 башкы прокурор боюнча айрым саясатчылар, айрым депутаттар "прокуратура тармагында бир күн иштебегендерди башкы прокурор кылып бекиттик" деп сындашчу. 2011-жылы Аида Салянова башкы прокурорлукка дайындалганга чейин президенттин Жогорку Кеӊештеги өкүлү эле. Ал эми 2015-жылы Индира Жолдубаева баш прокурорлук кызматка президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгынан барган. Салянова 2015-жылы "коррупция менен күрөшүүдө президенттен колдоо болбой калды" деп өз арызы менен кызматтан кетсе, Жолдубаева тескерисинче, "коррупция менен күрөштө үмүттү актаган жок" деген президенттин нааразычылыгы менен отставкага кетирилди.

Окшош картина кайталанууда. 2015-жылы Жолдубаева кызматка бекитилип жатканда чуулгандуу кылмыш иштерин, анын ичинде Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте абактан бошотулуусун кайрадан карап чыгууга убада берген, бирок каралган жок. Азыркы талапкер Жамшитовго да депутаттар акыркы жылдарда ачылган кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун текшерүү керектигин эскертип жатышат. Талапкер азырынча депутаттар айткан бардык сунуштарга макул. Депутат Акылбек Жапаров ишенбестик көрсөтүү жолу менен отставкага кеткен башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жана мурдагы премьер Сапар Исаковдун бүт командасы кызматтан кетиши керектигин айтып чыкты. Депутат парламент атайын жыйын өткөрүп, эгер өкмөттүн жана Башкы прокуратуранын жаӊы жетекчилеринде команданы тазалоо ниети болсо, ага шарт түзүп берүү керек деген пикирде. Жапаровдун сөзү сунуш катары айтылып, колдоп чыккан депутаттар болгон жок...

Тогуз-Тородогу окуя боюнча атайын комиссия түзүлүшү мүмкүн. Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул боюнча Жогорку Кеӊешке сунуш киргизерин Бишкекте Тогуз-Торонун жашоочулары менен жолугушууда айтты. Комиссия кайсы деңгээлде түзүлөрү, ага кимдер кирип, ким төрагалык кылары азырынча белгисиз.

11-апрелде Тогуз-Тородо "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын ылгоочу комбинатынын иши боюнча өкмөт өкүлдөрү менен жергиликтүү элдин ортосунда жаӊжал чыгып, эл комбинаттын имаратын, ал жердеги техникаларды өрттөп салышкан. Бул башаламандыктын уюштуруучулары катары Тогуз-Торонун 12 тургуну кармалып, камакта жатат. Алар "бейбаштык", "мүлктү атайын жок кылуу же зыянга учуратуу" беренелери боюнча айыпталууда. Буга чейинки премьер Сапар Исаков жергиликтүү элдин комбинатты өрттөгөнүн сындап, мындай окуялар өлкөгө инвестор тартуу ишин кыйындата турганын айтып чыккан.

20-апрелде УКМК "Макмал" алтын кенинин аймагына фабрика курууга мыйзамсыз уруксат берилгенин жарыялады. Факт боюнча "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүүдө. УКМК билдиргендей, фабриканы курууга уруксатты Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы берген. "Кыргызалтын" ишканасы алгач "Джи Эл Макмал Девелопинг" комбинаты курулуп, андан кийин гана анын курулушун мамлекеттик органдар менен макулдашуу башталганын ачыктады. "Кыргызалтын" ишканасы "Куранды девелопинг" компаниясына алтын ылгоочу фабриканын технологиясы, тийиштүү документтерин сурап бир нече жолу кат жөнөтүп, бирок жоопсуз калганы айтылды.

"Джи Эл Макмал девелопинг" - "Макмал" алтын комбинатынын калдык сактоочу жайындагы калдыкты кайра иштетүүчү фабрика. Фабриканы кыргызстандык "Куранды девелопинг" компаниясы Ян Вэйхун аттуу кытайлык ишкер менен бирге түптөп, 2015-жылы мамлекеттик "Кыргызалтын" ишканасы менен келишим түзгөн. Комбинатты куруу иши 2017-жылы башталып, 2018-жылы бүтүрүү пландалып жаткан. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, "Куранды девелопинг" компаниясын 2015-жылы Максат Жээналиев аттуу Кыргыз жараны Кытайдын 4 жараны менен бирге негиздеген. Максат Жээналиев учурда "Куранды девелопингдин" да, "Джи Эл Макмал девелопингдин" да жетекчиси.

Буга чейин Жээналиев Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинатты иштетүүгө каршы чыккандардын артында саясий күчтөр бар, алар жеке кызыкчылыкты көздөп, элди атайын козутуп жатат деп келген. Ушул эле сөздү премьер кезинде Сапар Исаков да айтып, бирок депутаттарга бул иштин артында кайсы саясатчылар турарын атабай койгон. Жергиликтүү эл аталган комбинаттын курулушуна каршы 4 ай бою нааразычылык акцияларын уюштуруп, инвестордун мүлкүнө зыян келтирип, милиция кызматкерлери, 1 жергиликтүү тургун башаламандыкта жаракат алгандан кийин жогорудагы мыйзам бузуулар ачыкталып жатат. Элди имаратты өрттөөгө жеткирбей ушул иштер аныкталса болот беле?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан