УКМК: "Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу комбинаттын курулушуна уруксат мыйзамсыз берилген"

Тогуз-Тородогу "Макмал" алтын кен комбинатынын аймагына фабрика курууга мыйзамсыз уруксат берилген факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 20-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган факты боюнча УКМК 19-апрелде кылмыш ишин козгоду.

"Аталган аймакта орун алган чырдан кийин атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия 2017-жылы Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жогоруда аталган фабриканы курууга мыйзамсыз уруксат бергенин аныктап чыкты. Тактап айтканда, жогоруда аталган мекеме экологиялык экспертизанын корутундусу жок эле курулушка уруксат берип салган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 221-беренесинин 1-бөлүгү (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и Бишкекке алынып келип, камакка алынган.

Аларды бошотуу талабы менен эл район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан. 17-апрелде саат 20:00 чамаларында Биринчи Май райондук соту камакта отургандардын баш коргоо чарасын карап, үч аял жана бир мектеп окуучусун өлкө аймагынан чыкпоого милдеттендирүү менен үйүнө бошотуп, калганын эки айга камакта калтырган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Akshumkar
2018-04-20 15:50:24
Мына сага талкала жут же. Жэгичтер кан соргучтар силердин айынрдан эч онукпойбуз.
+2
Mularamov
2018-04-20 16:44:56
митингде камалгандар эмне болду чыгабы
+4
sakuna
2018-04-21 08:17:49
Жашырып мыйзамсыз жеп жатышат деп бизда пайдаланабыз дегенсип Тоноп анан орттошуптурда
-2
nazarKGZ
2018-04-21 11:42:35
Анда сапаны камаш керек экен да ошолордун талабын талашып
-1
Ermekbai
2018-04-21 11:55:03
Анда адамдарды камабай бошоткула.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан