Таласта 5 күндөн бери дайынсыз болгон окуучу кыз ата-энеси туулган күнүн өткөрүп бербей койгонуна таарынып, үйдөн чыгып кеткен

Таластын Манас районундагы дайынсыз болуп жаткан окуучу кыз табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мектеп директору Нургүл Акимова билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз кечээ, 24-апрелде табылган.

"Биздин мектептен жоголуп жаткан окуучу кыз түндө табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Окуучу кызга медициналык кароо ошол замат жүргүзүлүп баары жайында деген маалыматты алдык. Анын мындай кадамга барышына ата-энеси туулган күнүн өткөрүп бербей койгону себеп болгон. Мындан улам кыз таарынып, үйдөн чыгып кеткен. Ал эми мектепке эч кандай доосу жок экенин кыз өзү табылган учурда айтып берди", - деди мектеп директору.

Изделип жаткан кыз кечээ туугандарынан акча сурап кайрылган. Алар акча берүүгө макул экенин айтышып, белгиленген дарекке келип акчаны алып кетүүнү айтышкан. Мына ошол убакта милиция кызматкерлери туугандары менен биргеликте кызды кармашкан. Ал жоголгон убакта Талас облусунун аймагында эле жүргөн.

Эске салсак, Талас облусунун Манас районунда 18-апрелден бери окуучу кыз изделип жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ma9
2018-04-25 10:29:52
эх укам чонойгондо тушунорсун ата Энен эмнеге откоруп бербегенин
+11
Aytur
2018-04-25 10:44:18
Келесоо кыз!
+9
Omurbek998
2018-04-25 10:55:51
Жаш окшойтда ата энеге таарынба
+4
MEDER_KULETOV
2018-04-25 12:34:50
Переходный возраст
+1
Jarma
2018-04-25 13:50:29
Онорун башында калсын.Кундор келип Ата-Энене зар болосун али.
+3
nargiz94
2018-04-25 14:54:47
Туулган кундун балекетин албайсынбы!!! Акыл берсин Кудай.
+4
taalay25
2018-04-25 20:43:44
Ии мээн менен!
+1
kalpak.kg92
2018-04-25 21:31:09
ХХХХХХ тарынгандан коро ата энен тарынган Аллага жакпайт
+2
Aidar151080
2018-04-26 08:07:12
Азыркы жаштар деп коёбуз. Ушунун баарына ата-эне өзү күнөөлү. Туулган күн, анан дагы эмне-эмне күн деп өзүбүз баштайбыз. Казды туурайм деп өрдөктүн буту сыныптыр дегендей,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан