"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы Болот Сүйүмбаев 2012-жылы Дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган", - деп бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына аталган окуу жайдын канцеляриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алар бул тууралуу документти Билим берүү жана илим министрлигине факс аркылуу жөнөтүшкөн.
Буга чейин коомчулукта Сүйүмбаевдин жогорку билими тууралуу диплому жасалма болушу ыктымал деген сөздөр айтылган.
Эске салсак, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен УКМКнын орун басарлыгынан бошотулган Болот Сүйүмбаев 16-апрелде премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Сүйүмбаев Болот Турарович 48 жашта, Бишкек шаарында туулган. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүргөн.
1988-1989-жылдары - аскерде кызмат өтөгөн;
1989-жылы - "Кыргызфильм" студиясында актёр-каскадёр;
1994-1998-жылдары - "Илбирс" ишканасында ревизор жана "Меркури" банкынын коопсуздук инспектору;
2000-жылы - "Шампанвинкомбинатта" кайтаруучу;
2001-2007-жылдары - ИИМде кызмат кылган;
2010-жылы - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси;
2012-жылы - президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси болуп иштеген;
2012-2016-жылдары - УКМКнын 9-бөлүмүнүн (өлкө жетекчилеринин коопсуздугун камсыздоого жооптуу бөлүм) башчысы;
2016-2018-жылдары - УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору;
2018-жылдын 16-апрелинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
УКМК башчысынын орун басары кезинде Атамбаевдин колунан "генерал-майор" наамын алган.