9 күндө Исаков жаңы кызматка алып келген Болот Сүйүмбаевди Абылгазиев 10 күндөн кийин бошотту

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагалыгынан кетти. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары Абылгазиев Сүйүмбаевдин орун басары болгон Исабек Султаналиевди да кызматтан бошотту.

Эске салсак, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен УКМКнын орун басарлыгынан бошотулган Болот Сүйүмбаев 16-апрелде премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Сүйүмбаев Болот Турарович 48 жашта, Бишкек шаарында туулган. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүргөн.

1988-1989-жылдары - аскерде кызмат өтөгөн;

1989-жылы - "Кыргызфильм" студиясында актёр-каскадёр;

1994-1998-жылдары - "Илбирс" ишканасында ревизор жана "Меркури" банкынын коопсуздук инспектору;

2000-жылы - "Шампанвинкомбинатта" кайтаруучу;

2001-2007-жылдары - ИИМде кызмат кылган;

2010-жылы - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси;

2012-жылы - президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси болуп иштеген;

2012-2016-жылдары - УКМКнын 9-бөлүмүнүн (өлкө жетекчилеринин коопсуздугун камсыздоого жооптуу бөлүм) башчысы;

2016-2018-жылдары - УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору;

2018-жылдын 16-апрелинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

УКМК башчысынын орун басары кезинде Атамбаевдин колунан "генерал-майор" наамын алган.

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында 10 күн иштеп бошотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Akshumkar
2018-04-26 16:22:35
Бошотуп жаны тынды окшойт ушулар баштады чуулганды окуяны. А так Сапар жакшы эле иштеп жаткан
-29
nemo2016
2018-04-26 17:24:30
Akshumkar,эмне ишти кыйратты айтчы мага
+9
bek-94
2018-04-26 16:53:07
ошентиш керек моладец
+11
Han1111
2018-04-26 17:12:43
Туура кылыптыр.
+6
romaantik
2018-04-26 17:13:22
Эң маанилүүсү бошотуу эмес, ордуна кимдин келүүсү?
+4
bekmaral
2018-04-26 17:33:27
Ошондо бул адамда высший образование жокпу,же же охранадан СНБга же Финполгобу.Ашанын доорунда эч кандай кесипкой адис деген тушунук жок болгон экенда э!
+14
jbolotov
2018-04-26 17:33:50
Экономикалык илими же политологияны окубаса ШВКда короолчу болуп журуп Атамбаевке кантип кенешчи болуп калганы кызык, Атамбаев мамлекеттин коопсуздугун ойлобогон адам экени кадрларынан эле билинип калды.
+17
BekAmir
2018-04-26 17:34:27
Эн маанилуу бошотуу жана жоопко тартуу
+7
karakulja
2018-04-26 17:55:56
Фальшивый генералды да жоготкула..
+14
zhigitaly
2018-04-26 21:22:59
25 жылда дене тарбия академиясын бутсо 2000 жылы карагул болуп иштесе анан кантип ГЕНЕРАЛ болду бул кишиде кооооп нерсе бардай го
+7
zhigitaly
2018-04-26 21:24:52
1987 жылы тапшырып 2012 жылы дене тарбия мугалими кесибине ээ болсо анан кантип...
+2
alikgz
2018-04-26 23:00:32
Дагы бир сакчы бар жакшы карагыла
+2
nurbekasr
2018-04-27 08:35:08
Атамбай берген генерал наамды да алгыла,эмнесине генерал бул атамбайды коруганы үчүнбү?Атамбай өзү наам чыгарып берип алсын ушуга.Ушуга окшогон физрук шопур жан сакчыларды жогорку иш орундарга коё берип мамлекет өнүкбөй келди.
+2
Anichka12
2018-04-27 08:48:56
Эхх атандын кору бизде генерал чини бир тыйынга тете болуп калганго.АША ны да суракка чакырыш керек бул охранник ке кантип генерал бердин деп.
+1
al-abu-kinesz
2018-04-27 10:34:52
18 жылда охранниктен генералга "грамотно" жетиптир го. Айылда 20 жыл иштеп капитанга жетпегендер канча.
+1
NURSAPAR
2018-04-27 12:34:54
Наам дегенге татыктуу болуш керек. Не кызматына генерал түшүнүксүз. Жакшысы наамын да алыш керек. АША кетээринде наамдарды оңду-солду карабай сатты окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан