Сапар Исаков Райымбек Матраимовдун сотко бергени боюнча комментарий берүүдөн баш тартты

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Райымбек Матраимовдун сотко бергени боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу ал 26-апрелде УКМКдан сурактан чыккандан кийин журналисттерге билдирди. "Ал боюнча комментарий бербей эле коёюн", - деп жооп берди.

Эске салсак, 2017-жылы 23-ноябрда Сапар Исаков Райымбек Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн" деп Бажы кызматынын башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.

Бүгүн Райымбек Матраимов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду "негизсиз жумуштан алды" деп сотко бергени белгилүү болгон.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКда 2 саат суракта болуп чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан