Мэрия "Ош базарындагы" өрттөн жабыр тарткандарга акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүндө тилсиз жоодон жабыр тартып, товары күйүп кеткен 488 соодагерге 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле өрттөн жабыр тарткандарга мэрия "Берекет" соода түйүнү менен биргеликте аталган борбордон, Кулиев көчөсүнөн, Киев көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөн соода кыла турчу жер бөлүп берген. Экспертизанын бүтүмүнөн кийин "Берекет" базарынын администрациясы кыска аралыкта оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүүнү пландоодо. Ал эми күйүп кеткен жерлер жасалгандан кийин кайра ошол ээлерине берилери айтылды.
Айта кетсек, 19-апрелде шаар мэри Албек Ибраимов соодагерлер менен жолугуп жардам берүүнү убада кылган.
Эскерте кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган.
Буга чейин да "Ош базарынан" 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришкен.